КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева 4 саатка созулган сурактан кийин чыкты

Бүгүн, 9-августта КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигине сурак берүүгө чакырылган. Ал 4 саатка созулган сурактан кийин чыгарылганын SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ 8-августта атайын даярдыктагы кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген болчу.

"Бүгүн саат 12:30да суракка кирип, саат 16:00дө чыктым. Сурак учурунда күбө катары тиешелүү суроолорго жооп бердим. Ал эми суракка кирген КСДПнын төрайымынын милдетин аткаруучусу Асел Кодуранова жана партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина чыга элек", - деди Жолдубаева.

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын жоокери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан