Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү кармалды.
Шектүү жаран өзүн тааныштырган видеону "Кактус" сайты жарыялады. "1990-жылы 14-майда Нарын районунун Лахол айылында туулгам. Аталган айылда 9-класска чейин окуп, кийин Нарын шаарындагы техникумду аяктагам. Окууну бүткөн соң 2008-жылы армияга баргам", - дейт ал.
Шектүүнүн кармалганы тууралуу маалыматты УКМК да, ИИМ да ырастай элек.
7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназдар менен экс-президенттин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ошол күнү Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам көз жумган.