Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө келди. Сегизбаев 11-августта камалып, кайра Ак Үйдөн телефон чалуулар болуп, чыгып кетти деген маалыматты төгүндөдү.
"Адил Турдукулов социалдык тармактагы баракчасына Сегизбаевди камап, кайра Ак Үйдөн телефон чалып бошотуптур деген маалымат жазыптыр. Бул маалымат жалган. Адил Турдукуловдун мага жеке таарынычы бар. Бир нече жыл мурун ал мага Атамбаевдин командасына иштеп берейин деп кайрылган. Бирок мен ага бир жолу саткан адам кайра-кайра сата берет деп айтып, сунушун четке каккам.
11-августта эч кандай камоо болгон эмес, 200дөгөн күбөлөр бар. ИИМдин кызматкерлери сылык маанайда келип, суракка чакыруу берип кетишкен. Ошонун негизинде бул жерге келдим", - дейт Сегизбаев.