Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов 21-октябрга чейин үй камагына алынды. Бул тууралуу Айткулов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.
2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5500 долларга ээ болуп калганы тууралуу арыз менен кайрылганын Бишкек ШИИББинен билдерген. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган.