7-8-августта Кой-Таштагы башаламандыкта жабыркагандардын бирөөсү ооруканада дарыланып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, бейтап Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы кагылышуудан жалпысынан 136 адам жабыркаганы маалым болгон. Жабырлануучулардын ичинен 109 адамга ооруканалардан, дагы 27 бейтапка Кой-Таш айылынан медициналык жардам көрсөтүлгөн.