ИИМ: "Кой-Ташта каза болгон спецназ өзүнүн автоматы менен өлтүрүлгөн деген маалымат чындыкка жатпайт"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектелип 1990-жылы туулган К.Р. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, спецназ өзүнүн автоматы менен өлтүрүлгөн деген маалымат чындыкка жатпайт. Бүгүнкү күндө экспертизанын жыйынтыгы даяр эмес. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназдар менен экс-президенттин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ошол күнү Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан