Кой-Ташта болгон массалык баш аламандык боюнча Фархад Баабиев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык тергөө тобу 7-8-августта болгон массалык баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.
"Фархад Баабиев Жазык кодексинин 264-беренеси "массалык баш аламандыктарга катышуу" менен кылмышка шектелүүдө. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 9-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Фархад Баабиев чагымчыл сөздөрдү айтканы үчүн элден кечирим сураган.