Биринчи Май райондук соту "Апрель" телеканалынын доо арызын канааттандырган жок

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алуу мыйзамсыз деп эсептеген юристтердин арызын карады. Бул тууралуу аталган каналдын сайтына жарыяланды.

Жыйынтыгында сот доо арызды канааттандырган жок.

"Апрель" телеканалынын юристтери Ички иштер министрлигинин тергөө кызматкерлеринин жүргүзгөн иши боюнча Башкы прокуратурага жана Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылган.

"2019-жылдын 9-августунда тергөөчү атайын даярдыктагы кызматкерлердин коштоосунда "Апрель" телеканалынын кеңсеси жайгашкан аймакка кирип келген. Алар телеканалдын кызматкерлеринен имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аты-жөнүн, кызматын тастыктаган документтерди көрсөткөн эмес. Тергөөчү тарабынан "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка алынды деген оозеки билдирүү болгон. Бирок негиздүү документтер көрсөтүлгөн эмес.

Юристтердин айтымында, "Форум" имаратынын "Апрель" телеканалы ижарага алган аянты гана камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан