Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Текебаевдин соттун чечиминен кийинки абалы тууралуу айтып берди

Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Анда жактоочулар Текебаев менен Чотоновго карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөтүүнү өтүнүштү. Жогорку Соттун коллегиясы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин соттун чечиминен кийинки абалы тууралуу айтып берди.

"Соттун чечиминен кийин биз ооруканада жаткан Өмүрбек Текебаевдин жанына барып, көрүп келдик. Албетте, соттун чечими ал үчүн дагы, биз үчүн дагы күтүүсүз болду. Текебаев дагы деле соттун чечимин кабыл ала элек десем болот. Толкунданып, кубанып жатып жүрөгү ооруп калды. Дарыгерлер келип тийиштүү жардам көрсөтүп кетишти. Текебаев менен 1 жарым саат сүйлөштүк. Бул убакыт аралыгында ал бизге (тарапташтарына) ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейинки соттук отурумдардан кийин деле сүйлөшчүбүз. Тагыраагы, 3 жылдан бери соттун чечими тууралуу айтып, ыйлактай берчүбүз. Бирок ал бизге баары жакшы болорун айтып көңүлүбүздү алып турчу. Бул жолку сүйлөшүүбүз соттун чечими тууралуу эмес, бири-бирибизге ыраазычылык билдирүү менен коштолду", - деди ал.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Жактоочу: “Соттун чечимине кубангандан Текебаевдин жүрөгү ооруп калды“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан