Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратуранын чечиминин үстүнөн түшкөн доо арызды кароодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
"Сот "мындай иштер каралбайт" деди. Прокуратура "сотко кайрылсаңар болот" деген, экөө мышык-чычкан ойноп жатышат. Эми шаардык сотко кайрылабыз", - деди Токтакунова.
Буга чейин жактоочулар Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура кайра кароодон баш тартканы боюнча Октябрь райондук сотуна кайрылышкан.
Айта кетсек, 2018-жылдын 22-майында Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылган. Башкы прокуратура арызды колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилип, соттон колдоо тапса, иш биринчи инстанцияга кайтарылмак. Бирок 12-июнда жаңы жагдайлар боюнча документти Башкы прокуратура кароодон баш тарткан.
Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.