Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон. Жактоочусу Шарабидин Токтосунов "уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына уруксат алуу боюнча президентке жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына катты жолдодук, учурда жооп күтүп жатабыз" деген. Бүгүн да жактоочу расмий жоопту ала электигин билдирип, уруксатты күтүп жатышканын айтты.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова: "Арыз кечээ кечинде келип түшкөн. Бүгүн күн ичинде каралып, чечим чыгат", - деди.
Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.