Ленин райондук прокуратурасы Жалдагы үрөй учурган мушташ боюнча 4 милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоду

Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ боюнча Ленин райондук прокуратурасы экипаждын 3, облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1 кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө иштерин УКМКнын кызматкерлери жүргүзмөкчү. Ал эми милиция кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" беренелери менен шектелүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.

Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2019-09-04 14:31:22
ким аралашкандын баарына козгогула
+9
Shabi
2019-09-04 15:07:23
Айланайын Кашкар,кашайбай ушул ишти жакшылап карап кой.даагы 10минута бергем суйлошуп жаткам дебей.
+8
Bars88
2019-09-04 15:11:30
Кармалган немени коё берип коюп кайра элден табышып койгула дегени кызык
+9
tachkomur
2019-09-04 15:36:48
Кылмышкерлер жанында журсо кутуруп милициянын козунчо кубалап Уруп атат досун милиция эч нерсе кылбай карап турат ошол жердеги милицияга ото катуу чара коруш керек екинчи кайталанбай турган кылып еки кылмышкер барган врачтарды укпай ал жерден зорго чыгышты врачтар алар Ким озунчо кылмышкерлер катуу чара корулсун МВД министр Кашкар Жунусалиев

+7
bema_bema
2019-09-04 15:51:17
tachkomur,Эн туура айтасыз,мен жаза турган нерсени жазып койупсуз.
+5
Erik2018
2019-09-04 17:58:17
Азыр тууган урук тайке заман жок тартылган видео боюнча ким кунолуу болсо жооп берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан