"Үрөй учурган мушташка шектүүлөр жазадан кутулуп кетиши мүмкүн" деп активисттер УКМКга кайрылышат

"Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милициялардын колдоосу менен камактан чыгыптыр" деген билдирүү бүгүн, 4-мартта социалдык тармактарга тарады. Интернет колдонуучулары билдирүүнүн алдына "Эмнеге коё берип жиберишет?" деген суроолорун жаадырып, талкууга алышты. Бишкек ШИИББинен болсо бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Бир катар жарандык активисттер "үрөй учурган мушташка шектүүлөр жакын арада эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн, ушуга карата аракеттер көрүлүп жатат" деген тариздеги кайрылууну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратурага жөнөтүшөт. Маалыматты SUPER.KG порталына активист Мелис Аспеков билдирди.

"Шектүүлөрдүн улуу агасы Казыбек Бапышов үй камагына чыгып кетиптир. Сот ошондой чечим чыгарып коюптур. Биздин сотторду билесиңер да, тыйын бербесе андай чечимди эч качан чыгармак эмес. Булар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да сатып алганы жатышабы деп ойлоп турабыз. Эгер алдын албасак, анда алар жеңил жаза менен эле эркиндикке чыгып кетишет. Балким үй камагына чыгат же жатак абагына которуп жиберишет. Булар кандай гана мыкаачылык менен кылмыш жасашты эле. Ошондуктан биз аларды жаза өтөбөй чыгып кетеби деп кооптонуп, УКМКга гана эмес Башкы прокуратурага, президентке кайрылабыз", - деди Аспеков.

Кайрылууга жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров, Темирлан Бекботоев, Адил Турдукулов, Аманбол Бабакулов, Максатбек Казыкбаев, Мелис Аспеков кол коёру маалым болду.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрында Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.

14-февралда Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2020-03-04 17:29:40
Акча ,тааныш билиш баарын чечип калганбы?????
+3
Jaznura
2020-03-04 17:33:53
Буларды чыгарбаш керек. Буларга сабак болуш керек.
0
rysik79
2020-03-04 17:51:39
активисттер деген аттын кыргызчага которуп айтса болбу? мисалы акыйкатчы дегендей. бир чекеден ушулардын бары деле жакшы экен.
-1
Aimani
2020-03-04 18:28:01
Берген үйүн кайтарып алыш керек. Ушундай оборотень милиция кызматкерине эмес, порядочный милицияларга берсин. Бул кылмышкер экен
+4
Dani
2020-03-05 00:05:13
Дагы деле Камала элекпи булар тооба
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан