Ленин райондук прокуратурасы: "Жалдагы үрөй учурган мушташка катышкан шектүүлөрдү милиция кызматкерлери алып кеткен"

Чүй ОИИББинин кызматкерлери Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташка катышкан шектүүлөрдү окуя болгон жерден алып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук прокуратурасына Э.Б. аттуу жаран арыз жазган. Арызда милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине карата чара көрүүнү суранган.

Прокуратуранын билдирген маалыматы боюнча, 28-августта болжол менен саат 07:00дө Бишкек ШИИББине окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын патрулдук-кайгуул кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

"Окуя болгон жерге Чүй ОИИББинин Б.К. аттуу кызматкери да барган. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды алып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет прокуратурадан.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dj.
2019-09-03 16:38:39
Ошол Б.К. деген кызматкерди камабайсынарбы элден биринчи?!

Же согуш менен кутулуп кетеби адат боюнча?!!

Же арадан 3-5 жыл откондон кийин издеп каласынарбы, Батукаевдин окуясындай болуп?!!
+2
aza84
2019-09-03 16:39:32
Байкесин кошо камасын ошол зокурлордун.
+2
katerina.li
2019-09-03 16:41:42
Б.К ны жок кылгыла биринчи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан