Жалдагы үрөй учурган мушташ боюнча кармалган эки милиция кызматкери үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташ боюнча камакка алынган патрулдук көзөмөл кызматынын айдоочусу жана автоматчик кызматында иштеген кызматкер Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2-ноябрга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Ал эми эки кызматкердин жактоочусу Жыргалбек Бабаев бил иште айдоочу менен автоматчик өз кызматтарын гана аткарганын айтат.

"Бири айдоочу, ал унаа айдайт. Экинчиси автоматчик эгер кармап келе жаткан адам качып кетсе, аны атат. Бирок алар эч кимди жолдо качырып жиберген жок да. Алар окуя болгон жерге барышкан. Шектүүлөр жана алардын Чүй ОИИББинде иштеген байкеси болуп бирге 2-шаардык милиция бөлүмүнө келишкен. Алар шектүүлөрдү нөөмөт бөлүмгө өткөрүп беришкен дагы андан ары өз жумуштары менен кетишкен. Анан эмнеге эми алар күнөөлүү болуп калды? Бул жерде тергөөчү, башчы, нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери ким качырып же кетирип жибергени суралышы керек эле. Себеби шектүүлөр бөлүмгө киргенден кийинки жумуш алардыкы да", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Apyn8793
2019-09-09 15:07:37
Аларды сразу машинага салыш керек болчу ары бери калжандап жургузбой.
+3
medet1983
2019-09-09 15:34:33
Кыйратыпсынар,баардыгын уй камагына чыгара бергиле.Мындай кетсе жакында Кыргызстандын жарымы зек болот го.Себеби закондон эч Ким коркпойт,кылмыш кылып кичине акча берип, уй камагына чыгып уйундо отура берет да.
+2
medet1983
2019-09-09 15:38:20
Бул эки менттин куноосу ото чон.Чала жан кылып сабап,кылмышкер жанында турса кармаган эмес.Элдин эсебинен айлык алып аткандан кийин иштеш керек, дардайып семирбей.
+4
oSporte
2019-09-09 15:48:24
Башчысы кандай болсо булар да ошондойдо
+3
oSporte
2019-09-09 15:50:04
Кудалар менен бажалардын заманы болдуго
+7
katerina.li
2019-09-09 17:10:48
Анча болду экоон деле чыгарып койгула. Жанагы эки бандитти. Акмактар
+2
SHERBOLAT
2019-09-09 23:04:16
Туу-ата качан ак иштегендер болот бизде? Качан закон турундо иштешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан