Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ боюнча аты аталып жаткан шектүүнүн тууганы делинген Казыбек Бапышов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда ИИМ ички кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгында, Ленин РИИБине караштуу 2-шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү А.К. жана аталган кызматтын башчысы Б.А. ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ал эми дисциплинардык уставдын эрежесин бузганы үчүн 2-шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнүн инспектору Ж.у.Т. жана анын жардамчысы Б.К. аттуу кызматкерлерге катуу сөгүш берилди.
Учурда шектүү жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окуянын чоо-жайы:
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.
Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.
Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.