Батукаевдин иши боюнча Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси менен дарыгер кандай жазага тартылды? Соттун чечими

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыкты.

Анда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жылга эркинен ажыратылды. Бирок буга чейин анын камакта отурганын эсепке алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, ал да сот залынан бошотулду.


Ал эми дарыгер жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов бул иште күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилбей, сот залынан бошотулду.

Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну, Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоону суранган.

Жалпысынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталуучу катары каралган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4өө камакта кармалып, 1өө издөөгө жарыяланган эле.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tursunbaev2016
2020-06-23 17:44:46
Зарылбек Рысалиевти камаган жокпу?
+6
taalay25
2020-06-23 20:53:37
tursunbaev2016,жок пидр кутулуп кетти. Салянова, Атаханов, Рысалиев глав фигурант болгон балтундар кутулуп кетишти
+1
Azamat6
2020-06-23 18:55:09
Камайн десе соогундо тили жок екен
+5
nazarmat92
2020-06-23 19:47:02
###### камасанар баарын камагыла да, бироонун мооноту отуп бироонуку калды дебей. Баары тен бир кылмышка шектелип жаткандан кийин баарынын жоопкерчиликке тартуу мооноту бир болот да
+3
vikidiki
2020-06-23 22:47:35
Ошондо Батукаев сайрандап жүрөт эркиндикте. Анан буларды камап отура беришеби? Мунун баарын угуп ,боору эзилип күлүп отурат болуш керек ошол крим төбөл.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан