Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум. Раимжанов соттук процесс оор болуп жатканын айтат

Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов: "Соттук процесс мен үчүн оор эле өтүүдө. Себеби буга чейин төрт жолу операция жасаткам, эми дагы эки операция жасалуу алдында турам", - дейт.

- Соттон ден соолугуңузга байланыштуу жеңилдик берүүсүн сурандыңыз беле?
- Ооба, бирок мыйзам боюнча, учурда катышып жаткан үч адамдын бирөө эле катышпай койсо, сот процесси токтоп калат экен.
- Сизге тагылган айыптар менен макулсузбу?
- Жок каршымын. Батукаев боюнча чечим чыгып жатканда мен ооруканада болчумун.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2020-01-23 18:35:19
Анысын билбейм бирок баш кесерди чыгарып ийгендер жазасыз калбашы зарыл.
+3
zhaku2017
2020-01-23 19:11:57
Alimbek1000,
Чыныгы баш кесерлер Атамбаевтин артына суу куюп, сатып кеткендер. Ошол Сооронбай баш болуп, баары Атамбаевтин колдосу менен бийлике, кызматка келишкен. Азыр ошолордун баары Атамбаевти жамандап, ушактап жатышат. Акыры эл баарын коруп турат. Соке озу жазасын алат.
-2
Absamat-90
2020-01-23 19:27:35
Alimbek1000, туура кебинде жан бар. Канчалаган азаматтарды кыйнады.
+3
chake
2020-01-23 18:58:23
сотко келгенде соо адам калбай калат негизи Текебаев да жумаа сайын больницага барчуу эле азыр андан өткөн соо киши жок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан