Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Күбө катары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева суралды

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 13-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

12-май күнү болгон соттук отурумда күбө катары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева суралды. Андан кийин күбө М.Бекенов сурак берди.

Иш убактысы аяктаганына байланыштуу кийинки соттук териштирүү 14-майга саат 10:00гө жылдырылды.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2020-05-13 15:11:53
Батукаев боюнча түздөн түз Атамбаевдин командасы болгонун баары эле билет
-5
robot111
2020-05-13 15:14:37
Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди. Башка мамлекеттерге бизде мыйзам иштебей эле акча маанилүү ролду ойной турганын далилдеди. Убагында Батукаев деле кыргыз бийлигин теңине алган эмес. Тоготуп дагы койгон жок. Ошонун кесепетинен биздин аткаминерлерди кызылдай акчага сатып алып, адамдардын коштоосунда өлкөдөн чыгып кетти.
-5
Jaznura
2020-05-13 15:15:24
Атамбаевдин эле операциясы болгон бул иш.
-6
erlan2196
2020-05-13 15:24:46
Срочно Сооронбай Жээнбеков камалыш керек. Болбосо Жээнбеков бийлике келип алып мыйзамсыз кылмыш иштерди жасады.
+7
Mister-X
2020-05-13 21:42:35
erlan2196,Ооба десен,Батукаевди бошотуп ийди,Атамбаевдин убагында шопурга өлкөнү башкартып койду.ХХХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан