Биринчи Май райондук сотунун өкүлү: "Судья эртеңки күнгө белгиленген соттук отурумга Атамбаевдин келүүсүнө Жазаларды аткаруу кызматына милдеттендирди"

Бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Бирок бул жолу да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу дагы жылдырылды.

"3-октябрда Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов, Калыбек Качкыналиев "коррупция" беренесине айыпталуусу боюнча кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна соттук өндүрүшкө келип түшкөн. Соттун токтому менен 7-октябрда соттук уктуруулар 11-октябрда өтөрү чечилген. Ал күнү Атамбаев соттук отурумга келүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү күнгө жылдырылган соттук отурумга да келүүдөн баш тартты. Сот Жазаларды аткаруу кызматына эртеңки күнгө белгиленген соттук отурумга Атамбаевдин келишин камсыздап берүүсүнө милдеттендирди. Айыпталуучуну күчтөп алып келүү тууралуу сөз жок, анын келүүсүн камсыздоо тууралуу сөз болуп жатат", - деди Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынын өкүлү Асел Равшанбекова.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев президент, Индира Жолдубаева президенттик аппаратта соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдүн башчысы, Абдухалим Раимжанов гемотология борборунун башчысы, Калыбек Качкыналиев ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси болуп турган. Аталган 4 киши тең тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

Баары биригип кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча 19 адамга айып тагылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
maksat_osh
2019-10-14 15:56:14
Атамбаев эркек экен сөзүнө туруп аягына чейин эл менен болду!
+11
maksat_osh
2019-10-14 15:56:33
соке саткын 3 тамга
+10
Kyrgyz_bloger
2019-10-14 16:10:24
Сотко келип саткындардын баарын согуп салчы.
+4
kamchatka
2019-10-14 16:11:51
Алкашты судуроп алып келгиле келбесе мыйзам баарына бирдей Садыр Жапаровду кандай какшаты ошондой какшап калсын Алкаш дагы!
-9
-Dybala-
2019-10-14 16:18:41
kamchatka,Атамбаев арак ичип жатканда сен апаң экон стриптиз бийлеп берип турдунар беле
+9
Mister-X
2019-10-14 16:40:10
-Dybala-,Админдер момундай жооп бергени учун, бул никтеги адамды банга айдашынар керек.Бироону кемситкени учун гана эмес, апасына да асылганы учун, эмнеге банга айдабай жатасынар?
-7
urmat94
2019-10-15 00:34:30
Mister-X,+++
0
amin1986
2019-10-14 16:19:52
kamchatka,эн туура алкаш жооп берсин, кой таштагы бир баланын олумуно дагы жооп берсин, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз
-11
-Dybala-
2019-10-14 16:22:17
amin1986,Атамбаев арак ичип жатканда сен апаң экон стриптиз бийлеп берип турдунар беле
+11
kuttubekuzgen
2019-10-14 16:30:57
Ха ха ха фейктер билинип калды, плюс минустар.
-1
mirkaa5182
2019-10-14 22:00:15
Атамбаев жазасын алсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан