Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жактоочу ооруп калганына байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 14-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жактоочу Н.Зотованын ооруп калгандыгына жана айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун келбегендигине байланыштуу бүгүнкү соттук отурум 19-май саат 10:00гө жылдырылды.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nestana95
2020-05-14 15:59:23
Эк аман эле болгулачы,,бийликтин кереги жок бутактары!!!!!!!!Айтайын десен соз коп,силер айткан кайран тил деп кала беребиз го!!!!!!!
0
Jaznura
2020-05-14 16:21:53
Булар сот болот дегенден алдыңкы күнү болушунча ичип алып анан ооруп атам деген жокпу?
0
samarbek.88
2020-05-14 20:19:18
эгер карапайым адамдын соту болсо заматта жок кылат а буларды соттогондо ар кандай шылтоолор көп болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан