Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук иш уланат. Анда тараптарга жарыш сөз берилет.
Эртең менен боло турган сот отуруму курам толук болбой калганына байланыштуу саат 2ге жылдырылган. Ишке айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, дагы бир айыпталуучу Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова сот отурумуна келген эмес.
Жактоочу билдиргендей, өткөн процессте мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны дагы 15 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сунушташкан. Индира Жолдубаева мамлекеттик айыптоочулардын сунушу аны таң калтырып жатканын билдирди.
Мамлекеттик айыптоочу жыйынтыгында төмөнкү мөөнөттү сураган:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
Президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин Башкы прокурор болгон Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратуу;
Академик, врач Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо.
2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган. Жалпысынан Батукаевдин абактан бошотулушуна 19 киши айыпталууда.