УКМКнын өкүлү: "Саймаитини өлтүрүү боюнча буйрукту Сириянын жараны берген"

Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу алдын ала маалыматтар боюнча Айэркен Саймаитини өлтүрүү боюнча буйрукту Сириянын жараны бергенин айтты.

"Биз Түркия тарап менен кызматташып жатабыз. Биз аларга билдирме жөнөткөнбүз. Алдын ала маалымат боюнча Саймаитини өлтүрүү үчүн Сириянын жараны буйрук берген. Ал эми буйрукту Өзбекстандын жараны аткарган", - дейт Сагынбек Самидин уулу.

11-ноябрда Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан