Максат Сабиров: "Казакстанда кармалган депутат боюнча комитеттерде, фракцияларда каралып жатат"

"Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу боюнча комитеттерде, фракцияларда каралып жатат", - деп бүгүн, 21-февралда парламенттин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул боюнча туура эмес маалымат таратканын айтты. "Дамирбек Асылбек уулу боюнча Жогорку Кеңештин тиешеси жок, парламентте каралбайт деген маалымат тарады. Бул маалыматты төгүнгө чыгаруу керек. Фракцияларда, комитеттерде каралып жатат. Басма сөз кызматынын мындай маалымат таратканы туура эмес", - деди Сабиров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтылган маселе эске алына турганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент жана спикер Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ишин тергөөгө аралашпайт деген маалымат тараткан.

Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарындагы чек ара аймактарында аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзүшүп, 35 адамды кармашкан. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 19-февралда кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялашты. Жарыяланган видеодо: "Анын жүрүшүндө Казак-Кытай, Казак-Кыргыз жана Казак-Өзбек бажы постторунда товарлардын контрабандасынын туруктуу схемалары аныкталды. Товарлар Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына жеткирилип жаткан. Операцияда жалпысынан кармалган 35 адамдын арасында бажы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн уюшкан топтору, брокерлер бар", - деп айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан