Казакстанда кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун камакта калтыруу мөөнөтү узартылды

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун камакта калтыруу боюнча баш коргоо чарасы 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Алматы шаардык соту чыгарган.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmirzach
2018-07-24 15:07:09
Казакстан билдирген бейрасмий маалыматтарга ишенсек, бул корруциялык схемадан эң биринчи кезекте А.Атамбаев, андан ары И.Илмиянов, А.Ибраимов жана экс-президенттин мурдагы жансакчылары чоң акчаларды жасап, “жашылбайларга” маарып келишиптир. Асылбек уулу мында жөн гана «пешканын» ролун аткарган дейт билгендер. Дамирбек Асылбек уулу биринчиден, Казакстандын жараны, экинчиден, депутат болгону үчүн бул ишке тартылган. Сыягы, парламенттин депутатынан шек санашпайт деп ойлошкон окшойт.
+1
bekmirzach
2018-07-24 15:08:53
00
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан