Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандатынан ажыратылды

Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандатынан айрылды. Мындай чечимди бүгүн, 16-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Маалым болгондой, Дамирбек Асылбек уулунун жарандуулугун тактоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтүлүп, жообу келген. "Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун күбөлүгүндө аты-жөнү Динарбек Супатаев болгон. Казакстандан келген маалымат боюнча, Асылбек уулу Жамбыл облусунун 1981-жылы 3-февралда туулган жараны болгон. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Дамирбек Асылбек уулунда 2020-жылга чейин жарактуу 2 паспорту болгон", - деп айтылды БШКнын жыйынында.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан