Роза Отунбаева: "2010-жылдын 13-майында Текебаев Маевский менен жолукмак түгүл, түшкү тамактанууга чыкканга убактысы болгон эмес"

Тектеш кабарлар: Текебаевдин иши кайра каралууда (34 материал)

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишин кайра кароо процесси уланууда. Бүгүнкү отурумга күбө катары мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаева келип, жактоочулардын жана мамлекеттик айыптоочулардын суроосуна жооп берди. Анда Отунбаева Леонид Маевский, Алексей Модин жана 2010-жылдагы Ош коогалаңынын тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

2010-жылдын 12-13-майы өлкө үчүн тарыхый күндөр болгонун белгилеген мурдагы өлкө башчы, өз көрсөтмөсүндө төмөндөгү жагдайларга токтолду: "12-майда биз Ата-Бейитте элек. Анткени ошол күнү Апрель революциясынын курмандыктарына 40 күн болгон. Андан бир күн өтүп, 13-майда өлкөнүн түштүгүндө баш аламандык башталып кетти. Албетте, буга Бакиевдердин бийликти кайра алуу максаты себеп болгон. Ошол күндөрү Чотонов ал жактагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн. Текебаев ал күнү Ошко учуп кетүүгө даярдыктарды көрүп жаткан. Бирок өлкө башчынын, тагыраагы менин жанымда калды. Себеби борбордогу абалды дагы көзөмөлгө алуу керек эле", - деди Отунбаева.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулардын версиясы менен Өмүрбек Текебаев дал ошол 2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский менен жолуккан. Буга Роза Отунбаева ал кезде өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Текебаевдин түшкү тамактанууга чыгууга дагы убактысы жок болгонун белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Absamat-90
2019-11-26 13:28:16
Ошондо Отунбаева Текебаевдин алибиси бар деп жатабы.
0
chake
2019-11-26 14:00:28
Теке 30жылдан бери кыйкырып келесин эч бир озгору жок бир пайданар тийген жок элинерге
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан