Бүгүн, 15-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу башталды. Маалым болгондой, ишти судья Эмил Каипов карайт. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев бүгүн Атамбаев менен сүйлөшпөгөндүгүн билдирди.
"Бүгүн Атамбаевди алып келерин билбейм. Бирок кыйнап алып келишсе, ал мыйзамга туура келбейт. Мен андай болбойт деп ойлойм", - деди Слесарев.
Ошондой эле Биринчи Май райондук сотуна мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы келди. Ал журналисттердин суроолоруна кийинчерээк жооп берерин айтты.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Бул иш боюнча 19 адамга айып тагылган.