Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш уланып жатат. Кечээки соттук отурумда тараптарга жарыш сөз берилген. Бүгүнкү отурумда жактоочу сөз сүйлөп, өкүмдүн чыгуусу күтүлүүдө.
Буга чейинки соттук отурумда Мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;
Мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;
ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;
Академик, дарыгер Абдулхалим Раимжанов - 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоону суранган.
Азыркы тапта Батукаевдин иши боюнча сот отуруму жабык өтүп жатат. Кечээ мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева мамлекеттик айыптоочулар сураган 15 жылга каршы экенин, буга эмне дешин да билбей жатканын билдирген болчу. Бүгүн ал шашылыш экенин айтып сот отурумуна кирип кетти. Жалпысынан бул ишке 19 адам айыпталуучу катары каралууда.