КҮНСОБОЛ: Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

2020-жылы Кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүктү быйыл өтө турган шайлоо кызыктырып турган кез. Ошону менен катар эле быйыл президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады. Коомчулук бийлик тарабынан бул жылы кандай алгылыктуу иштер аткарылат деп күтүшүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Президенттен парламенттик шайлоодо калыстыкты көрсөтүшүн күтөм"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев был жылы президенттен калыстыкты күтө турганын айтты.

"Парламенттик шайлоо боюнча президент тарабынан тоскоолдуктар болбосо жакшы болмок. Мамлекет башчыдан шайлоо босогосу менен күрөөнү төмөндөтүү боюнча колдоону күтөт элем. Президент жакшы көргөн, жаман көргөн партияларга бөлбөй калыстыкты көрсөтүшүн күтөм", - дейт Масалиев.

МАМАШОВА: "Президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча жаңы программаларды күтөм"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча жаңы программаларды күтө турганын билдирди.

"Балдарды колдоо жылы" деп кошулуп белгиленди. Ошондуктан президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча көптөгөн жаңы программаларды күтөм. Эки жылдан бери Жогорку Кеңеш балдарды коргоо жылы деп белгилөө боюнча сунуш айтып келгенбиз. Балдарга байланыштуу көйгөйлөр көбөйүп кетти", - дейт Мамашова.

СЫДЫКОВ: "Быйыл аймактарды өнүктүрүү боюнча көп иштер болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков быйыл аймактарды өнүктүрүү боюнча көп иштер болот деген пикирде.

"Быйыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Аймактарды өнүктүрүү боюнча көп иштер болот деп ойлойм. Эки жылдан бери чоң каражаттар кетип жатат. Кудай буюрса, анын жыйынтыктарын көрөбүз. Ал эми санариптештирүү дүйнө жүзүндө жылып жаткан багыт болгондуктан, быйыл санариптештирүү бардык мамлекетте болот. Ошондой эле балдарды колдоо боюнча дагы иштер жүрөт. Балдардын ден соолугуна, коопсуздугуна көңүл бурулат", - дейт Бакыт Сыдыков.

КАРАШЕВ: "Быйыл экономикалык жетишкендик болуп, элдин жашоо деңгээлинин өсүшүн күтөм"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев быйыл экономикалык жетишкендик болуп, элдин жашоо деңгээлинин өсүшүн күтө турганын айтты.

"Жыл сайын аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылы деп жарыяланып жатат. Быйыл дагы "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Баштаган демилгелер мындан ары улантылып, элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүн күтөт элем. Жалпы Кыргыз мамлекетинде аймактар өнүккөндө чоң жетишкендиктер болот. Ошондой эле экономикалык дагы жетишкендик болуп, элдин жашоо деңгээлинин өсүшүн күтөм", - дейт Карашев.

ШЫКМАМАТОВ: "Президенттен сот реформасын жана таза шайлоонун өтүшүн күтөм"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов сот реформасы менен таза шайлоо өткөрүү президенттин жоопкерчилигиндеги маселе экенин айтты.

"Бул жылы президенттин астында чоң тарыхый милдет, Кыргыз мамлекетинин мындан аркы келечегине түздөн-түз тиешеси бар маанилүү маселе турат. Бул таза шайлоо өткөрүү жана сот реформасы. Президенттен сот реформасын жана таза шайлоонун өтүшүн күтөм. Бул нерсени тарых дагы талап кылат. Кыргыз мамлекетинин келечегине өтө маанилүү нерсе. Сот реформасы менен таза шайлоо өткөрүү президенттин жоопкерчилигиндеги маселе", - дейт Шыкмаматов.

КЕЛДИБАЕВ: "2020-жылы жакшы иштер болот деп күтпөйм"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев 2020-жылы жакшы иштер болот деп күтпөй турганын билдирди.

"2020-жылы президент Кыргыз мамлекетин өнүктүрө турган инвестицияларды тартып келет, жумушчу орундарын түзөт, адилеттүү шайлоо өткөрөт, сөз эркиндигинин, адам укугунун өнүгүшүнө салым кошот деп күтпөйм. Ал киши менен Ошто иштешкем, аны жакындан тааныган адам катары алгылыктуу бир нерсе болот деп айта албайм. Кыргыз мамлекети өнүгүп, өсүп кетет, аймактык, соттук реформалар жүрөт деп күтпөйм", - дейт Төлөгөн Келдибаев.

ТУРДУКУЛОВ: "Парламенттик шайлоонун таза өтүшү президенттин жоопкерчилигинде болот"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов быйыл Кыргыз мамлекети үчүн абдан маанилүү саясий жылдардын бири экенин айтты. "Бул жылы күзүндөбү же чукул түрдөбү парламенттик шайлоо өтөт. Анын таза жана саясий атаандаштык менен өтүшү президенттин жоопкерчилигинде болот. Шайлоодо чыныгы элдин купулуна толгон ар кайсы топтордун өкүлдөрүн парламентке эч тоскоолдуксуз алып келүү президенттин мойнунда. Бул анын эң башкы милдети. Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү 2023-жылы бүтөт. Ал эч кандай мураскери жок бийлигин өткөрүп берсе, оң жагынан бааланат деп эсептейм", - дейт Турдукулов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан