КҮНСОБОЛ: Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн партиянын төрагасынын орун басары айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?

"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн партиянын төрагасынын орун басары айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: "Сот тармагын сындап жатканыбыз - бул "Текебаевди бошотпой койдуңар" деп таарынуу эмес"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, "Ата Мекен" партиясы 2016-жылдан бери оппозицияда. "Азыр дагы оппозицияда экенибизди баса белгилеп айтам. Оппозициянын ар кандай түрү бар: элдешкис оппозиция болот, бийликти тааныбайм деген экстремисттерге окшогон оппозиция болот. А биз системдин ичиндеги системдүү оппозициябыз, илимде ушундай. Биз мамлекеттин кадр саясаты, сот реформасы, экономикасы, медицинасы, айыл чарбасы, айтор, кайсы гана тармак болбосун, иштери чала жүрүп жаткандыгын, реформалар жүрбөй жатканын, эл күткөн жыйынтык болбой жатканын ар дайым баса белгилеп айтып келе жатабыз. Бул биздин туруктуу саясий позициябыз", - деди Шыкмаматов.

Мындан тышкары ал Текебаевдин маселеси тууралуу оюн айтты. "Текебаевдин иши резонанстуу. Бул иштин мисалында биз сот реформасы жүрбөй жаткандыгын, сот адилеттүүлүгү ишке ашпай жатканын, мамлекетте мыйзамдын жогорку күчү орнобой жатканын белгилеп көрсөтүп жатабыз. Бул "Текебаевди бошотпой койдуңар" деп таарынуу эмес. Бул Текебаевдин мисалында жалпы мамлекетте мыйзамдуулук орнобой жатканын факт катарында көрсөтүп жатабыз. Текебаевдин сотуна чейин партия кандай позицияда болсо, андан кийин деле ошондой позицияда калабыз", - деди фракция лидери.

АСАНОВ: "Жээнбеков президент болгондон бери "Ата Мекен" анын бийлигин колдоп, кубаттап келе жатат"

Саясатчы Бектур Асановдун айтымында, оппозиция бийликти ачык сындашы керек. "Алмамбет Шыкмаматов "биз оппозицияда жүрөбүз" деп айтып келет, бирок "Ата Мекен" акыркы президенттик шайлоодон тарта бүгүнкү күнгө чейин бийликти колдоп келген партия. Менин билгеним боюнча, бул партия бүгүнкү бийликти кубаттап, колдоп келе жаткан партиялардын бири.

Оппозиция бийликтин кемчиликтерин ачык айтат, талаш-тартышка чыгат, шайлоолордо бийликти ачык сындайт. Бирок мындай нерселер "Ата Мекен" тарабынан болгон жок, алар жалаң гана бийликти колдогон аракеттерин көрсөтүүдө. Бул партия Өмүрбек Текебаевге тиешелүү болгон айрым учурларда гана "соттор жакшы иштебей жатат" деп эле сындабаса, аны оппозиция деп айтууга болбойт", - дейт Асанов.

КАЛМАМАТОВ: "Ата Мекен" оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы түшүнүксүз болууда"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматовдун айтымында, "Ата Мекен" фракциясы парламентте азчылыкты түзүп, оппозицияда калган фракция болуп саналат. "Демек, фракция оппозицияда болсо, партия да оппозицияда болуп эсептелет. Себеби фракция менен партия бир түшүнүк. Анан оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы учурда түшүнүксүз болууда.

Мен "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мындай билдирүүсүн эч жерден окуй элекмин. Балким, бул Асия Сасыкбаеванын жеке пикири, анын көз карашы. Мындай билдирүүнү партиянын атынан сүйлөй турган партиянын төрагасы, саясий кеңеши жана Жогорку Кеңеште фракциянын лидери бар. Ал эми Сасыкбаеванын ою эмнени билдирет, мен аны түшүнгөн жокмун жана ал билдирүү юридикалык күчкө ээ эмес", - деди Калмаматов.

ОСМОНБЕТОВ: "Ата Мекендин" оппозицияга өтөбүз дегени - бул саясий амал"

Саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун айтымында, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери 28 жыл ичинде накта сапаттуу саясий оппозиция болгон эмес.

"Бизде бийликтен кеткенден кийин оппозицияга кетишет. Анан бир нерсе болсо эле "саясий куугунтук" деп айтып чыгышат. Бирок өнүккөн мамлекеттерде сапаттуу оппозиция конструктивдүү болот, анын альтернативдүү өнүгүү программасы болот. Оппозиция дайыма токтобой иштейт. Мындайды өлкөбүздө көрө элекмин. Оппозициянын сөзсүз стратегиялык багыты, программасы, көз карашы болуш керек. Батыш мамлекеттерде оппозиция фактылар менен бийликке сындарды айтат.

Парламенттик мамлекетти курсак Жогорку Кеңеште көп саясий күчтөр жана оппозиция болушу керек. "Ата Мекен" партиясынын "оппозицияга өтөбүз" деп айтканы - бул саясий амал. Кыргыз өлкөсүндө накта оппозиция быша элек", - деди Осмонбетов.

АКМАТАЛИЕВ: "Ата Мекендин" билдирүүсүн "Текебаевди бошотпосоңор, талаптарыбыз күчөйт" деп түшүнүүгө болот"

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин айтымында, учурда "Ата Мекен" бийликке катуу оппозицияда деп айтуу кыйын.

"Ата Мекен" оппозицияга өтөт дегенде, маселе партия жөнүндөбү же Жогорку Кеңештеги фракция жөнүндөбү деген суроо жаралууда. Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" катуу оппозицияда деп айтуу деле кыйын. Алар акыркы жолу коалициялык көпчүлүккө деле кошулбай калышты.

Учурда фракциянын кыймыл-аракеттерин жарыя кылып жатканы азыркы бийликке катуу оппозицияда эмес деп түшүнүүгө болот. Мындай айтканда, алардын билдирүүсүн "Текебаевди бошотпосоңор, талаптарыбыз күчөйт" деген мааниде түшүнүүгө болот", - дейт Акматалиев.

КУЛОВ: "Текебаевдин маселесинде Сооронбай Жээнбеков ыңгайсыз абалда калды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Куловдун айтымында, "Ата Мекендин" төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаевдин билдирүүсү шантажга окшоп калды.

"Текебаевди бошотпосоңор, оппозицияга өтөбүз" деп маселени коюу туура эмес. Анткени эгер биз президенттен бийликтин сот бутагына таасир этсин деп талап кылсак, демек биз президент соттун чечимдерине таасир этет дегенди моюнга алабыз. "Ата Мекен" өзү "Алмазбек Атамбаев Манас Арабаев аркылуу сотторго таасир этип, бийликтин баарын ээлеп алган" деп буга каршы күрөшүп келген да. Аталган партия өзүнүн тузагына түшүүдө", - деди Кулов.

Ошондой эле ал Текебаевдин маселесиндеги Сооронбай Жээнбековдун ролу тууралуу айтты. "Эгер Жээнбеков сотторго Текебаевди бошоткула десе, ал Атамбаевдей сот тармагынын ишине кийлигишкен болуп калат. Кийин ага күнөө тагылышы мүмкүн. Ошондуктан "Ата Мекен" талапты туура эмес коюуда. Эгер партия сотторго кайрылып, "Текебаевди чыгарбасаңар тарых алдында жооп бересиңер" десе, анда туура болмок. Бардык маалыматтар боюнча, Текебаевдин күнөөсү жок.

Жээнбеков ыңгайсыз абалда калды. Ал Текебаевдин ишинде эч нерсе кылбаш керек. Президент сотторго "мыйзам чегинде иштегиле" деп гана айтышы мүмкүн. Бийликке шантаж кылып, коркутуу туура эмес. Мындай кылбаш керек. Эгер соттор Текебаевдин ишиндеги жаны жагдайларды эске албаса, ошондо мыйзамдуу чечимдерди кабыл албаган судьялардын айынан сот реформасы ишке ашпай жатат деп айтса болот. Президентке мунапыс боюнча же президенттик аппарат соттордун ишине кийлигишпесин деп кайрылса болот", - деди Кулов.

"Ата Мекен" азыр оппозицияда эмеспи?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан