КҮНСОБОЛ: Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?

Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.

АЛТЫБАЕВА: "Билим берүү министри жоопкерчиликти алып, мектептердеги акча чогултууга тыюу салды"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билим берүү жана илим министринин талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатканда депутаттар тарабынан бул маселе көп айтылганын айтып өттү.

"Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин талапкерлиги каралып жатканда, депутаттар ушул маселе боюнча көп суроо берген. Министр жоопкерчиликти алып, буйругу менен мектептердеги акча чогултууга тыюу салды. Азыркы министр бир гана акча чогултууга тыюу салып гана тим болбостон, мектептерге кошумча каражаттарды алып келет деп ишенем. Дагы көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизет", - дейт Алтыбаева.

ИМАНАЛИЕВ: "Бул коррупцияны жойгонго болгон аракет"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев аракеттер болуп жатканын айтты. "Бул коррупцияны жойгонго болгон аракет. Коррупция Кыргыз мамлекетинин бардык тармагында бар. Эгерде биз мугалимдердин айлыгын көбөйтүп, окуу, китеп маселесин чечишибиз керек. Мектептердеги оңдоп-түзөө маселесин чече алсак, акча чогултуу толугу менен жоюлбаса да азаят", - дейт Иманалиев.

ЭРГЕШОВ: "Акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүү боюнча башталган ишти колдойм"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов коррупциялык иштер такыр эле жоюлуп кетет деп ойлобой тургандыгын айтты. "Ата-энелер дайыма балам жакшы жерде окуса, жакшы көңүл бурулса экен деп мугалимдерге белек беришет. Негизи билим берүү жана илим министринин баштаган иши туура.

Мугалимдин айлыгынын аздыгынан, оңдоп-түзөөгө болгон акчанын жетишсиздигинен акча чогултулуп жатат. Ушундай көйгөйлөр жоюлса, акча чогултуу дагы болбойт. Мугалимдин айлыгы көп болсо, аларда жумушун жоготуп алуу коркунучу пайда болуп, коррупция өзүнөн-өзү токтотулат", - дейт Алмазбек Эргешов.

НЫШАНОВ: "Мектептердеги айрым маселелерди мамлекет чечип бере албай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул буйрук бир жагынан жакшы көрүнүш экенин айтты. "Бирок мамлекет тазалык үчүн колдоно турган каражаттарды чечип бере алабы? Мисалы менин карындашымдын баласы быйыл Бишкектеги мектептердин бирине окууга кирди. Банк аркылуу бир аз акча төлөп бердик. Ал каражат тазалыкка, жакшы иштерге коротулганын байкадым. Мамлекет ошонун баарын камсыздап берсе жакшы болмок. Коррупция кээ бир мектептерде бар, айрымдарында жок. Аталган буйрук тазалык үчүн акча чогулткан мектептерге зыяны тийип калбашы керек", - дейт Нышанов.

МАСАЛИЕВ: "Мектептерде ата-энелердин бардыгы милдеттүү түрдө акча бериши керек деген туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аталган буйрук ишке ашабы же жокпу билбей турганын билдирди.

"Мектепте шарт жок болсо, ата-эне жардам берсе болот. Бирок милдеттүү түрдө акча чогултушу керек деген туура эмес. Мектептерде акча чогултуу боло берет. Мамлекеттик мектептерде акча чогултуу токтотулсун дегени менен турмушта башкача болот. Бул буйрук ишке ашабы же ашпайбы билбейм", - дейт Масалиев.

ОШУРАХУНОВА: "Мектептердеги акча чогултууну коррупция деп айта албайм"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул мыйзамдын иш жүзүндө аткарылышы күмөн деген ойдо. “Мектептердеги акча чогултууну коррупция деп айта албайм. Себеби өлкө ичиндеги мектептердин абалы тууралуу баарыбыз эле кабардарбыз. Мугалимдердин айлыгы аз, окуучуларга түзүлгөн шарттар начар. Бюджеттен жетиштүү түрдөгү каражат бөлүнгөн эмес. Негизи бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келе жатат. Жаңы министрдин буйругу жаңылык болуп, акча чогулткан мектеп жетекчилери иштеп кетет дегенге күмөнүм бар. Мыйзам чегинде акча салууга тыюу салынганы менен ата-энелер балдарынын мектепте тынч билим алышын каалайт. Ошондуктан мектеп, бала бакча жетекчилеринин шарттарына көнүп беришет. Бул чырдын негизи акча чогултууда эмес, ошол чогулган акчалар тууралуу отчёттун ачык-айкын берилбей жатышында деп ойлойм”, - деди укук коргоочу.

ЖУНУСБЕКОВ: "Билим берүү министрлигинин мектептердеги акча чогултууга тыюу салган буйругу менен ата-энелер фонду жоюлган жок"

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков буйрук менен коррупция токтотулбай турганын айтты. "Биз ата-энелердин уюмун түзгөнбүз. Ошонун негизинде ата-энелер фонду жоюлсун деп 2-октябрда митинг уюштурдук. Билим берүү жана илим министрлиги 30-сентябрь күнү кечинде буйрук чыгарып, акча чогултуу жоюлду деди. Бул буйрук алдоо. 2-октябрга карата эле чыгарылган буйрук экени билинди. Буйрукту биздин юрист карап чыкса фонддорду жоюу жөнүндө сөз жок. Болгону мугалимдер акча чогултууга катышпасын деген буйрук чыгарыптыр. Буга чейин деле мугалимдер, директорлор ата-энелер аркылуу акча чогултуп келген. Бул коррупциялык жолду директорлор министрлик менен бирге ойлоп табышкан. Ошон үчүн директорлордун үстүнөн далилдүү фактылар менен келсек, министрлик дайыма аларды коргоп келет. Анткени алар акчаны тең бөлүшүшөт", - дейт Жунусбеков.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан