1-январга караган түнү Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында жашаган келиндин жансыз денеси табылган. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жиберген.
3-январь күнү Баткен шаарынын тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен келин каза болгон. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган.
4-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн.
SUPER.KG порталы "Жыл башынан бери эки келин күйөөсүнүн токмогунан улам каза болду. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн кандай иштер жетишсиз болуп жатат?" деген собол салды.
ТИЛЛАЕВ: "Бул маселелер боюнча катуу чара көрүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев бул маселелер парламентте дагы көтөрүлө турганын айтты.
"Биринчиден, тарбиялык иштер, жоопкерчилик болушу керек. Акыркы эки фактыны алганда негизинен бул жашоо-шарттын начардыгынан болуп жатат. Экинчиден, үй-бүлөлүк институттун каралбаганы дагы буга себеп болууда. Үй-бүлө курууда эч кандай даярдыктар көрүлбөй, көңүл бурулбай жатат. Ички, тышкы миграциянын күчөгөнүнөн балдар ата-энелик тарбия албай калып жатышат. Тилекке каршы, ата-энеси башка өлкөдө иштеп, туугандарынын үй-бүлөсүндө тарбияланган балдар үй-бүлө эмне экенин билбей калганы да себеп болуп жатат. Мурда балдар ата-эненин колунда өсүп, мындай маселелер азыраак болчу. Үчүнчүдөн, мыйзамдарды карап, жоопкерчиликти күчөтүү керек. Ушул маселелер боюнча катуу чара көрбөсөк, бүгүнкү күндө балдарга, аялдарга карата зомбулуктар күчөп баратат. Бул боюнча тийиштүү органдар иш алып барышы зарыл. Парламентте дагы бул маселени көтөрөбүз", - дейт Тиллаев.
ИСМАИЛОВА: "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы бардык мамлекеттик органдар чогулуп, иш жасашы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы бардык мамлекеттик органдар чогулуп, иш жасашы керектигин айтты. "Биз канчалаган мыйзам чыгарып жатабыз, бирок ушундай окуялар кайталанууда. Мыйзамдардын аткарылышы эң маанилүү нерсе. Бул мыйзамдарды аткаруу үчүн бардык мамлекеттик органдар чогулуп, иш жасашы керек. Азыркы учурда ар бир орган өзүнчө иш алып барып жатат. Биз, депутаттар ушундай көйгөйлөрдү алып чыгып, мындай чараларды колдонушубуз керек деп айтабыз. Өкмөт жактан ушуну жакшы көзөмөлгө ала албай жатышат. Мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык коом чогулуп, иштешибиз керек. Чоң көйгөйгө көңүл буруу зарыл. Зордук-зомбулук болуп жатса, жарандар маалымат бериши керек. Баарыбыз чогулуп иш алып барбасак жыйынтык болбойт", - дейт Исмаилова.
ЗУЛПУКАРОВ: "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча мыйзамдарды күчөтүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров мыйзамдарды күчөтүү зарыл экенин айтты. "Мындай нерселер коомчулукта көп эле жолу болот. Бул боюнча мыйзамдарды күчөтүш керек. Ошону менен бирге аял киши тарабынан да өзүнүн балдарына карата мыкаачылык кылгандар болот. Эркек киши тарабынан зордук-зомбулук күчөп жатканы өкүнүчтүү. Анткени ар бирибиз аялзат дегенде кызыбызды, карындашыбызды, келинчегибизди, эжебизди, эң ыйык болгон энебизди элестетишибиз керек. Ошондуктан бул боюнча маалымат каражаттары аркылуу туура түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүү зарыл. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарат, аткаруу милдети өкмөттө турат. Мындай мыкаачылык үчүн ал адам мыйзам алдында жооп бериши керек. Зордук-зомбулуктардын башы айтылып, соттук иши кандай болгону унутулуп калып жатат. Ошондуктан коомчулукка соттун жыйынтыгын жеткирип туруу зарыл", - дейт Зулпукаров.
АЛТЫБАЕВА: "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн комплекстүү түрдө мамиле болуш керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева үй-бүлөдөгү зомбулук көпчүлүк мамлекеттерде бар экенине токтолду. "Биздин өлкөдө да бар. Бул маселе боюнча негизи мамлекеттер тарабынан кандай чаралар көрүлөт? 2017-жылы үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жаңы мыйзамды кабыл алганбыз. Бул мыйзамда зомбулуктун алдын алуу маселесине көбүрөөк көңүл бурганбыз. Өкмөт ар кандай маалыматтык программа, роликтерди иштеп чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Каза болгон аялдын бир тууганы мурда да күйөө баласы карындашына кол көтөргөнүн айтып жатат. Кошуналары, туугандары билишкен, бирок бул маселеге өзгөчө көңүл бурулган эмес. Коом тараптан дагы кайдыгерлик болбош керек. Буга чоң комплекстүү түрдө мамиле болушу керек", - дейт Алтыбаева.
АБДИРАСУЛОВА: "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну көп тараптуу караш керек"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну көп тараптуу караш керек деген пикирде. "Балким, эркектердин психологиясында, үй-бүлөсүндө, жумушунда көйгөй болуп жаткандыр. Аялдар алсыз, үйдө бала менен отуруп акчадан көз каранды деп биз психологиялык жактан аларга жардам берип эркектерге көңүл бурулбай калган. Эркектер үчүн программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл окшойт деген ой бар. 2018-жылдын статистикасы боюнча жаңы төрөлгөндөн 39 жашка чейинки кыздардын саны эркектерден 27 миңге аз, 40-55 жашка чейин бирдей экен. Ал эми 55 жаштан ашкандан кийин эркектер азайып кетет экен. Мүмкүн алар ичиндеги ойлорун, көйгөйлөрүн ачык айта албай жүргөндүр. Жүрөк оорусу боюнча эркектер биринчи орунда турат экен. Жол кырсыктарына көп кабылышат. Буга сөзсүз түрдө социолог, психологдор иликтөө жүргүзүшү керек. Балким, ошол зордук-зомбулук колдонууга барып жаткандыгынын себептери ушул жактан чыгып калышы мүмкүн. Ушул боюнча иштеш керек окшойт. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну көп тараптуу караш керек", - дейт Абдирасулова.