Жогорку Кеңеш 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт курамын бир добуштан колдоду. Ошол эле курамды тийиштүү кызматтарга дайындоо тууралуу жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков да кол койду. SUPER.KG порталы өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген суроонун негизинде собол салды.
КАПТАГАЕВ: "Премьер-министр, вице-премьерлер тууралуу айта турган болсом, чечим туура эле"
Саясатчы Эмилбек Каптагаев премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевдин тажрыйбасы мол экенин айтты. Ошондой эле анын жана вице-премьер-министрлердин талапкерлиги туура чечим болгонуна токтолду. "Мухаммедкалый Абылгазиев - тажрыйбасы мол киши. 5-6 жылдай Социалдык фондду жетектеген, кийин вице-премьер-министр болду. Президенттик аппараттын жетекчиси, анын орун басары катары иштеп, өзүн оор басырыктуу жетекчи катары көрсөттү. Ал эми Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жакшы иштерди аткарган. Өзү жаны тынбаган, аракетте жүргөн киши, вице-премьер катары да жакшы кызмат кылат деп ишенем.
Экономика министрлигине Олег Панкратов келгени жакшы болуптур. Учурунда экономика министри, вице-премьер болгон. Маселени терең түшүнгөн жетекчи катары өзүн көрсөтө алган таза киши, анын министрликке келгени жакшы эле болду.
Кашкар Жунушалиевди жакшы тааныйм, бул өз ишин жакшы билген, ошол системдин ичинде өскөн мыкты кадр.
УКМКнын жетекчилигин жакында эле ачык маалыматтар аркылуу тааныдык, бул тармактын көйгөйлүү жерлерин билген кадр катары боолголодум. Жаңы жетекчи коопсуздук кызматын саясатчыларга саясий куугунтук уюштурган, жасалма каралоо кылган, күнү-түнү аларды артынан аңдыган орган эмес, чыныгы коомдун коопсуздугун коргогон органга айландырышы керек.
Калган өзгөрүүлөр тууралуу пикир айта албайм, себеби алар жөнүндө маалыматым жок. Жалпы жонунан айтканда жаңы өкмөттүн курамы турмуш кырдаалына ылайык түзүлгөн курам", - дейт Каптагаев.
КАРАСАРТОВА: "Өкмөткө келе турган адамды эмес, анын демилгесин талкуулоо зарыл"
Укук коргоочу Рита Карасартова өкмөттү отставкага кетирүүдө эң чоң жаңылыштык бар экенин билдирди. Эмне үчүн кызматтан кетип жаткандыгын, кетирген мүчүлүштүктөрүн кароо зарылдыгын белгиледи. "Өкмөттү отставкага кетирип жатканда анын мүчүлүштүктөрүн карап чыгуу керек. Бизде бир чечим менен кетирип, анын ордуна башка бирөөнү алып келишет. Эмне себептен мурункуларды кетирди, ишинде эмне мүчүлүштүктөр болду? Ошолордун баарын талкууласа, кийинки келе тургандар "мен ошондой каталарды кетирбейин" деп келишмек. Жаңы келип жаткан өкмөт курамы "мен мындай реформаларды жасайм" деп убада бериши керек. Эл жетекчи убадасына туруп жатабы, карап баа бериши зарыл. Келгендердин баарынын эле программасы жок жөн эле келип, кайра жөн эле кетип жатышат. Кыргыз мамлекети эксперимент кыла турган базабы? Биздин жашообуз менен эксперимент кылбоо зарыл. Мүчүлүштүк кылгандарды жоопко тартканды көрө элекпиз. Биздин чоң кемчилик бул биз жөн эле адамдарды талкуулап, жакшы адам, мейли келсин деп жатабыз. Бул, албетте, туура эмес. Адамды талкуулаганды токтотуп, алардын демилгелерин талкуулаш керек", - деди Карасартова.
ОШУРАХУНОВА: "Өкмөттүн өзгөргөн курамы реформа, чоң иштерди жасаган кызматкерлер деп айта албайм"
Укук коргоочу Динара Ошурахунова Мухаммедкалый Абылгазиевди жана башка өзгөргөн өкмөттүн курамындагы адамдар реформа, чоң иштерди жасаган кызматкерлер деп айта албай турганын белгиледи. "Абылгазиев Социалдык өнүктүрүү фондунда иштеп жүргөндө реформа жасаган деп да айта албайм. Президенттик аппараттын жетекчилигинде турганда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президенттин сунушун далилдер менен даярдабаганын айтсак болот. Жогорку Кеңештин депутаттары президент эмне себептен Жолдубаеваны алып жаткандыгын сураганда так жооп бере алган жок. Аппарат жетекчи катары сунушту далилдер менен даярдашы керек болчу. Мени таң калтырганы мурунку өкмөттү кетирип, эртеси кайра жаңы өкмөттү түзүп жатканы болууда. Эгер шашылыш түзүлө калган өкмөт иштей албай калса, Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти алабы деген суроо бар. Кашкар Жунушалиев менен иштешип калдык, аны өз тармагын жакшы билген адам катары айтып жатышат. Менин айтарым, иштей алабы, реформа жасай алабы аны убакыт көрсөтөт.
УКМКнын жаңы жетекчиси сабак алды деп ойлойм. Бул кызмат коомчулук тарабынан көп сынга алынды. Мурунку системди өзгөртүп, жаңы кадамдарды жасап, мыйзам жолу менен иштесе УКМКга кайра ишенич пайда болмок. 25 жылдын ичинде 30 жолу өкмөт алмашыптыр, бул деген өкмөткө иштөөгө мөөнөт берилбей жатканын билдирет. Өкмөткө иштеш үчүн убакыт бериш керек", - деген ойдо Ошурахунова.
НЫШАНОВ: "Азыр эч кимди эч ким аябай калды, колдосо да 100 пайыз колдоп коёт, кетиргенде да 100 пайыз колдоп коёт"
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов министрлерде жоопкерчилик аз болууда, чечкиндүү кадамдарга барса, эл, коомчулук колдоп алат деген пикирде.
"Бул министрлер болобу, башка министрлер болобу жоопкерчилик аз болуп жатат. Мисалы, Тогуз-Тородогу окуя боюнча премьерден башка да тийиштүү министрликтер өз убагында иштерин кылып, доклад жасаганда, мындай окуя болбойт эле. Кийин ал окуя болгондон кийин жалгыз премьер-министр күнөөлүү болуп калды. Министрлердин иштегендери азайып жатат, сүйлөсө билгендей көрүнөт, иш жүзүндө жасабайт. Жетекчилердин өзгөчөлүгү, чечимдерди тез, өз убагында кабыл алганында экен. Маселелерди узартып жибергенде нааразычылык күчөп кетүүдө. Бюджет чектелүү болгондон кийин кээде өкмөт чече албаган маселелер болот, ошол убакта себебин ачык айтса, нааразычылык аз болмок, эл түшүнмөк. Бирок беш жылдын ичинде өлкөдө жылыштар болду, жолдор оңдолду, мектептер салынды, ушул темпте кетсек алдыңкы беш жылда да жылыштар болот.
Жаңы өкмөт башчы өтө этият болгон киши, жаңылыштык кылбаса парламенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеши мүмкүн. Азыр эч кимди эч ким аябай калды, колдосо да 100 пайыз колдоп коёт, кетиргенде да 100 пайыз колдоп коёт. Азыр министрлер да билип калды, мыйзамсыз иш кылганы такталып калса кулагынан жетелеп алып кетип жатышат, мурда мындай болчу эмес да.
Күзгү-кышкы иштерине даярдык башталды, сентябрь айында акыркы отчётту берсе, ал даярдыгы кыштан кандай өтөт, бул чоң маселе. Экономикадагы өзгөрүүлөр, быйылкы түшүмдүн кандай болушу, ушулардын бардыгы бул өкмөттү сынайт. Дагы бир көйгөйлүү маселе болгон дыйкандардын өндүргөн товарын сыртка чыгарууга жолдорду түзсө, анда бул өкмөт эл үчүн иштеген болот", - дейт Нышанов.
МОМБЕКОВ, депутат: “Аткаруу бийлигинин курамы да, курагы да купулума толгон жок”
"КСДП" фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өкмөткө эски эле жүздөр кайра келип алганын айтты.
“Жаңы өкмөттүн курамы менин купулума толгон жок. Эски министрлердин курамы эле ээрге кайра миништи жана эч нерсе көрсөтө албагандар өкмөткө келип калды. Азыр аткаруу бийлигинин курамы да, курагы да купулума толгон жок. Азыр мен "макул" деп добуш бердим, анткени каршы болгондо деле эч нерсе чечилмек эмес. Бир бирден добуш берүү болгондо мен саламаттыкты сактоо министрине, экономика министрине, айыл чарба министрине каршы болмокмун”, - деди Момбеков.
СУЛЕЙМАНОВ: "Бүгүнкү түзүлгөн өкмөткө кандай кадрлар келгенин убакыт берип иштетип көрүп айтыш керек"
Жогорку Кеңешке "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп келген Бахадыр Сулейманов өкмөттүн кандай түзүлгөнүн убакыт жана алардын аткарган иши көрсөтөт деген пикирде.
"Бүгүнкү түзүлгөн өкмөткө кандай кадрлар келгенин убакыт берип, иштетип көрүп айтыш керек. Өкмөттүн курамы өтө тез түзүлдү, балким алдыда айрым министрлерде алмашуу болуп калышы мүмкүн. Арасында кээ бир министрлерге ишеним аз, мисалы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген министрлердин ишин убакыт көрсөтөт. Биздин фракция да бул тууралуу жаңы өкмөт башчылыкка келе турган Абылгазиев менен жолукканда айттык, ал өзү да өкмөттүн курамын аныктоодо убакыт тар болгонун, азырынча бир нерсе айтуу эрте экенин жана азыркы курам иштей ала турганын билдирди", - деди Сулейманов