КҮНСОБОЛ: Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

САЛЯНОВА: "Дастанбек Жумабековдун Атамбаевге жооп бергени парламенттин көз каранды экенин тастыктады"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова Дастанбек Жумабековдун экс-президенттин сөздөрүнө жооп кайтаруусунун өзү парламенттин көз каранды экенинен кабар берерин айтат.

"Тилекке каршы, бүгүнкү парламент көз карандысыз эмес. Эми Алмазбек Атамбаевдин ар бир айткан сөзүнө жооп берип турушабы? Тескерисинче, жооп бергени көз каранды экенин дагы бир жолу тастыктап койду. Мурун көрсөтүлбөгөн акарат, бүгүн бирөөгө жагынуу катары айтылган сөз болуп калды", - дейт Салянова.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Бизнеси жок, саясатка бышып калган депутаттарда эркиндик бар”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков ишкер, олигарх эл өкүлдөрү бийликке көз каранды экенин айтты.

“Азыр өлкөдө мурдагыга салыштырмалуу жалпы эркиндиктер көбөйүп калды. Ошону менен бирге сөз эркиндиги да мурдагыга караганда бир топ жакшырды. Маалымат каражаттарына, журналисттерге болгон басым азайды. Ушул нерселердин бардыгы, албетте, Жогорку Кеңешке кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизүүдө. Мурдагыдай болуп эл өкүлдөрүн аябай көзөмөлдөгөн убакыт өтүп бара жатат. Депутаттарда анча-мынча эркиндик пайда болуп калды. Бардыгында эмес, бизнеси жок, саясатка бышып калган депутаттарда эркиндик бар. Ал эми ишкер, олигарх эл өкүлдөрү бийликке көз каранды. Өзгөчө президентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, прокуратурага, өкмөткө баш иет. Себеби алар өздөрүнүн бизнеси, мурдагы кылган кээ бир иштери үчүн коркконунан көз каранды болуп турат. Парламенттин кандайдыр бир деңгээлде эгемендиги пайда болду, бирок аны чоң жылыш деп айтканга болбойт”, - дейт Жээнбеков.

БАЙБОЛОВ: "Парламент көз карандысыз эле эмес, парламент да боло алган жок"

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов мамлекетке таасирин тийгизе ала турган бир да чечим чыгарышкан жок деген пикирин айтты.

"Парламент көз карандысыз болмок тургай, парламент да боло алган жок. Мен көп эле мисал келтирип жүрөм. Биздин парламент дөңгөлөгү жок трактор сыяктуу эле дүрүлдөйт, бирок жүрбөйт, жер казбайт. Парламент да ошол сыяктуу, демилге көтөрөт, анан чечим чыгарарда эч нерсе жок. Олуттуу, мамлекетке таасирин тийгизе ала турган бир да чечим кабыл алган жок.

Президент мындай десе, ошондой деп жүрүшсө кантип көз карандысыз болушат? Эгерде шайлоо эрежелери өзгөрбөй, мурунку бойдон шайлоо өтсө мындан да жаман парламент келет. Жомоктогудай сыйкырдуу болбойт. 2010-жылдагы Конституция менен бирге киргизилген шайлоо эрежелери Кыргыз мамлекетинин тагдырына балта чапты. Партиялык тизме менен болот деген эреже Кыргыз өлкөсүн туңгуюкка кептеди", - деди Байболов.

ТУРДУКУЛОВ: "Баш мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам парламент көз карандысыз боло албайт"

Жарандык активист Адил Турдукулов төрага Дастанбек Жумабековдун айтканына кошула албай турганын билдирди.

"Мен бул сөзгө ишенбейм. Парламент аткаруу бийлигине, тагыраагы, президентке көз каранды. Бул кайрадан эле Баш мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу. Анткени президенттин колунда УКМК, Башкы прокуратура, Коопсуздук кеңеш бар. Кандайдыр бир оппозициячыл көз караштагы депутат чыгып калса, бийликке карата же президентке карата сын-пикирин айткандар чыкса анда аларга ошол органдар аркылуу кылмыш ишин козгоо басым кылуу оңой. Парламентке көбүнчө бизнесмендер, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер топтолгон. Аларга карата органдар аркылуу айыптоолорду табуу оңой экенин билишет. Мындан улам парламент мүчөлөрү президентке жана президенттик аппаратка көз каранды десек болот", - дейт Адил Турдукулов.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш көз карандысыз дегенге ишенбейм”

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев парламенттин көз каранды экенин далилдеген мисалдар көп деген пикирин айтты.

“Жогорку Кеңеш көз карандысыз дегенге ишенбейм. Мисал катары, КСДП фракциясын эле алсак бир күнү премьер-министрди жакшы деп мактап, эртеси аны кызматтан алып коёт же болбосо парламент өздөрүнүн укуктарын бузуп, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн адегенде шайлап, андан кийин кайра жокко чагырып башкасын шайлайт. Ушул сыяктуу мисалдар өтө эле көп. Ушунун баары чогулуп келип Жогорку Кеңештин көз каранды экенин далилдеп турат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы “чөнтөк парламент” болуп калды”, - дейт Чолпонбаев.

КАДЫРБЕКОВ: “Бизнеси бар депутатка көз карандысыз болуу өтө кыйын”

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңеш көз карандысыз боло албайт деген пикирде.

“Бизнеси бар депутатка көз карандысыз болуу өтө кыйын. Көпчүлүк депутаттардын бюджеттик мекемелерде алардын туугандары, жакындары иштеп калды. Каршы сүйлөп койсо аларга доо кетет. 2-3 жылдан кийин көпчүлүк депутаттардын принциби жок болуп калат. Баары эмес, айрымдары. Азыркы учурда айрымдары деген көп болуп жатат”, - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан