Кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдин жакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деп собол салды.
НУРБАЕВ: "Акчалардын кайтарылбай жатканына караганда, өкмөттө эл аралык мамилени түшүнгөн юристтер жок окшойт"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, өкмөттүн аталган маселеде жакшы иштебей жатканы АКШ Конгрессинде да көтөрүлгөн.
“Менимче, акчаларды кайтарууга бийлик кызыкдар болушу керек. Жаңы прокурор да парламенттин кечээги жыйынында каражаттарды кайтарууга кызыкдарбыз деп айтты. АКШ Конгрессинде Бакиевдердин маселеси көтөрүлүптүр. Анда Скотт деген адвокат “Кыргыз өкмөтү 6 жылда жакшылап аракет кылса болот эле” деп айткан экен. Ал эми Гуревич болсо кылмыш ишимди жапсаңар гана акчаларды кайтарууга жардам берем дептир. Атайын юридикалык компания жалдаптырбыз го. Ал кызматы үчүн каражаттын 33 пайызын алат экен. Ошонун ишин байкап туралы. Интерпол менен мамилебиз бар. Бирок алар экономикалык иштерге аралашпаса керек. Акчалардын кайтарылбай жатканына караганда, өкмөттө эл аралык мамилени түшүнгөн юристтер жок окшойт. Кечээги парламент жыйынында да өкмөттүн юристтери жооп бере алышкан жок. Бул да кадрлардын деңгээли төмөндүгүнөн кабар берет”, - деди Нурбаев.
МАДУМАРОВ: “Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышкан”
Саясатчы Адахан Мадумаров мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата Убактылуу өкмөт туура эмес маалымат таратып салганын айтты.
“Бул маселенин ачылбай жатканына 3 себеп бар: Биринчи себеп. Убактылуу өкмөттө бийликке келгенде Бакиевге карата койгон дооматтары калп болгон. "Ак Үйдүн үстүнөн көзгө атар мергендерди кармадык. Алардын 17си жер төлөдө жатат" дешкен. Ошону көрсөтө алган жок го. Калп болуп чыкты. Миллиондогон долларды алып чыгып кетти дешти. Бакиев кийин Орусиядан келген 300 миллион доллар Кыргыз өлкөсүнүн эле эсебинде жатканын айтып чыкты да. Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышты. Кийин ызы-чуу болуп баштаганда Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуп тынышты. Эч ким жооп берген жок. Акчаларды кайтаруу аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Себеби бийликтин айткандарынын баары жалган. Мен буга чейин эле буларды айтып чыккам.
Экинчи себеп. Иштин ачылбашына Бакиевдин бийлигинен кийин келген кишилердин сабатсыздыгы, чабалдыгы, иштин көзүн билбегендиги себеп болууда. Азыркы бийлик да бул маселеде аракети жок эле отуруп калат.
Үчүнчү себеп. Бир топ бийликтен кетип, кайра эле ошол топтун ичиндеги адам бийликке келсе, анда маселе жабык бойдон кала берет. Өнүккөн өлкөлөрдүн шайлоолорунда сөзсүз оппозиция жеңип чыгат. Мурункулардын ишин чукуп чыгыш үчүн эл атайын ошондой тандоо кылат. Бийлик канча комиссия түздү, бирок биринин да жыйынтыгы чыккан жок”, - деди Мадумаров.
КОЧКОРОВ: "Алмазбек Атамбаевдин бийлиги Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды кайтарууда активдүү иш жүргүзгөн жок"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров Өзбекстан бийлиги мурунку президенттин кызы Гүлнара Каримованын 800 миллион долларын артка кайтарууга жетишкенин айтты.
“Акчалардын чыгарылып кетилгени боюнча иш козголуп, тастыкталган. "Азия универсал банкынан" каражаттардын чыгарылганы - бул факт. Гуревич системдик түрдө коррупция жолу менен түшкөн каражаттар кезеги менен сыртка чыгарылып турган деп жатат го. Демек, муну текшерүү керек. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги акчаларды кайтарууга кызыкдар беле деген суроо туулат. Бул, албетте, күмөндүү. Анын учурунда активдүү түрдө иш жүргөн жок. Жасалмалуулук менен аягына чыгарууга кызыкдар эместей мамиле жасашты. 2015-жылга чейин аракет жасалган жок. Тоңдурулган ири суммадагы акчалар бар дешти. Эмне үчүн ал боюнча иш жүрбөйт?
Өзбекстан бийлиги “мурунку президенттин кызы Гүлнара Каримова коррупциялык жол менен өлкөдөн 800 миллион долларды чыгарып кеткен” деп соттошуп отуруп, акчаларды кайтарганга жетишти. Аларга бир жарым жыл жетти. Биз болсо 7-8 жылдан бери ишке ашыра албай жатабыз. Биздин бийлик “сүйлөшүп жатабыз, иштеп жатабыз” деген түр көрсөттү десек болот. Бул маселенин артында кандайдыр бир иштер бар экенин билдирүүдө. Балким, өздөрүнүн кызыкчылыктарын чечип алып, ушинтип жатышкандыр. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар. Президент айткандай өлкөнүн укуругу узун. Эгер каалаганда жасаса болот эле. Эми жаңы бийлик келди, жаңы жагдайлар да чыгып жатат. Жаңы бийликтен үмүт артып турабыз. Каражаттар кайтарылса карыздарды жапканга жардам болот беле деген ой”, - деди Кочкоров.
ЧОЛПОНБАЕВ: “Бакиев убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп алды деген күмөн бар”
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев байлыктарды Бакиевдер 2010-жылдын 4-апрелинде алып чыгып кеткенин айтты.
“Бийлик Бакиевдер чыгарып кетти делген каражатты кайтарбоого кызыкдар деген ойдон алысмын. Бирок бизде Бакиев убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп алды деген күмөн бар. Бакиев алар менен “менин артыман издебегиле” деген шарт коюшу мүмкүн. Бакиевдер байлыктарды 4-апрелде алып чыгып кеткен. Революция 7-апрелде болгон. Алар өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны кайтарып берген жок. Кайтарып бергенге аракет дагы кылган жок. 4-апрель күнү Максим Бакиев менен анын апасы Татьяна Бакиева өлкөдөн 23 тонна жүк алып чыгып кетишкен. Ал эмне болгон жүк экенин эч ким билбейт, эч ким текшерген эмес”, - дейт Чолпонбаев.
ДҮЙШЕБАЕВ: “Кызматтан кеткениме 8 жыл болгону үчүн бул иштер боюнча эч нерсе айта албайм”
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Бакиевдер чыгарып кеткен акчанын өлкөгө кайтарылбай жатканы боюнча маалыматы жок экенин айтты.
“Менин бул боюнча бир нерсе дешим кыйын. Анткени кызматтан кеткениме 8 жыл болду. Бул иш боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын, иштин алкагында кандай иликтөөлөр жасалганын билбей туруп, буга баа беришим кыйын. Эгер бул иштен кабарым болсо, тергөөнүн кандай өңүттө жүргөндүгүн же ишти атайын кыскартып койгондугун билсем, анда баарын баштан аяк айта алмакмын”, - деди Дүйшөбаев.
МАМБЕТАЛИЕВ: “Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтаруу маселеси чечилбей жатканында себептер бар болсо керек”
Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге бул маселе боюнча кайрылганын айтты.
“Лондондо эл аралык каржы уюму бар. Бул өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди кайтара турган уюм. Уюм менен келишимди мамлекет башчылары түзөт. Келишимди түзгөндөн кийин мамлекеттин булактары ачылат. Ошол булактар аркылуу акча кайсы жак менен, каяктан чыгып кеткени тууралуу изилденет. Алар акча мыйзамсыз чыгарылганын негиздеп кайтарганга укуктуу. 2010-жылы уюмга аталган маселе боюнча кайрылгам. Алар бул боюнча ошол кездеги президент Роза Отунбаевага кат жазышкан. Катка “алдын ала төлөм бере албайбыз” деген жооп келген. Алдын ала төлөмдү акчаны кайтаргандан кийин берели деп уюм менен сүйлөшкөм. Алар макул болушкан. Алдын ала төлөм катары кайтарылган акчадан 1 пайыз төлөнөт.
Бул боюнча уюм Отунбаевага алдын ала төлөмсүз иш алып баралы деп кайра кат жөнөтүшкөн. Отунбаева катты ошол учурдагы вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровго тапшырган. Бекназаров уюмдун өкүлдөрүн Кыргыз мамлекетине чакыралы деген сунуш айткан. Алар келгенде Бекназаров ар кандай шылтоолорду айтып, жолугушууга келбей коёт. Алар абалды түшүнүп, "бул убактылуу президент жаңы мамлекет башчы шайланганда иш алып баралы" деп сунушташкан. Анан президент болуп Алмазбек Атамбаев шайланды. Уюмдан Атамбаевге кат менен кайрылышты. Андан дагы жыйынтык чыккан жок. Бул каттардын негизинде гезитке жарыяласам дагы жооп болгон эмес. Маселенин чечилбей жатканында себептер бар болушу мүмкүн. Бүт каржы булактары ачылып, текшерилгенде, күтүлбөгөн булактар ачылып калат деген коркунуч болсо керек . Жыл өткөн сайын каржыны кайтаруунун изи азая берет. Айтылган акчанын жарымы коротулуп кетиши мүмкүн”, - дейт Мамбеталиев.
Бул суроого жооп берүүдөн Исмаил Исаков, Кубатбек Байболов баш тартты.