Саякатчы студент Алиаскар: "Чет тилди үйрөнүү жеңил эле. Болгону..." (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Гонконгдо билим алып жаткан мекендешибиз Алиаскар Бейшебеков болмокчу. Каарманыбыз социалдык тармакта саякат, окуу, жаштарга мотивация берүү темаларында блог алып барат. 20 жашында 13 мамлекетти кыдырып чыккан саякатчы студент Алиаскардын билим сапары тууралуу маектештик.

Алиаскар Бейшебеков 20 жашта. Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын кулуну. Учурда Гонконгдо City University of Hong Kong университетинде бизнес аналитика жана оперативдүү башкаруу тармагында 3-курста окуйт.

Өзүңүз тууралуу кенен маалымат берип өтсөңүз?

- Өзүм Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылынан болом. Саякатчы студент жана блогермин. Ушул күнгө чейин 13 мамлекетте болдум. Азыр Гонконг мамлекетинде Бизнес Аналитика жана оперативдүү башкаруу тармагында 3-курста окуйм.

Бишкекте төрөлүп, 4-класска чейин шаарда окудум. Балалыгым Бишкектеги чоң кабат үйлөрдүн подъезддеринде эле өттү. Орус мектеп, орусча сүйлөгөн достор, шаар болгон үчүн ошол мезгилде кыргызча жакшы сүйлөй албайт болчумун. Жайында каникулда Ысык-Көлгө, айылга чоң ата-чоң энемдикине барчумун. Ал жакта каймактан жеп, көчөлөрдө ойноп, көлгө түшүп, абрикос терип кызыктуу күндөрдү өткөрчүбүз.

2014-жылы ата-энем менен айылга көчүп келдик. Ошентип мен Чолпон-Ата шаарына караштуу А.Осмонов атындагы гимназияда окуп калдым. 2016-жылы 6-классты аяктап, Каракол шаарына, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл кыргыз-түрк лицейине ийгиликтүү тапшырып, 50 пайыз жеңилдетүү менен окуй баштадым. Жашоомдун эң трансфармативдүү 5 жылы дал ушул жер болду окшойт.

Лицейде окуп жүргөндө чет өлкөдө окуу каалоом күчөй баштады. Кайсы өлкөлөргө бекер окууга кетсе болот деп изденип, улуу байкелерден сурап, агай-эжейлер менен көп жүрдүм. 10 жана 11-класста окуп жатканда чет өлкөгө кетем деп, англис тилин аябай окуп, экзамен тапшырып жүрдүм. 11-классты да аяктап, ЖРТны 203 балл менен тапшырып, айтор Гонконгко окууга өтүп кеттим.

- Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта окуп жатасыз?

- - Жогоруда айткандай эле, Гонконг мамлекетинде City University of Hong Kong университетинде Бизнес аналитика тармагында 3-курста окуйм. Мен билим алып жаткан университет азыркы учурда дүйнөнүн Топ-100 университеттеринин катарына кирет. Бир жылдык окуу контрагы бул жерде 19000 доллар. Бирок мен ЖРТ жана англис тилим (TOEFL) жакшы болгон үчүн 100 пайыз жеңилдетүү менен өтүп, азыр грант алып окуйм.

Ушул жылдын февраль айынан баштап жарым жылдык окуу тажрыйба алмашуу программасына катталып, Хорватия мамлекетиндеги Загреб университетине убактылуу келдим. Бул жерде окумду жайга чейин бүтүрүп, кайра Гонконгко окуумду улантканы кетем.

- Бул тармакты тандап алганыңызга эмне себеп болду?

- Жайында каникулга көлгө барчумун деп айтып калбадымбы. Ошондо чоң ата, чоң энемдин үйүндө абрикос көп болгон үчүн бизнеске жана соода-сатыкка эрте эле аралашкам.

Эки чака абрикос терип, жолго чыгып, токтогон шаардык эс алуучуларга сатып, далай акча кылдым окшойт. Үйдө кой союлса терисин да сатып, акча кылып алат элем (күлүп). Кийин бир аз чоңоюп калганда көл жээгинде зонтик орнотуп сатып, пляжда дүкөн иштетип да жүрдүм.

Бизнес тармагын тандап калганыма ушуга окшош кичинекей окуялар түрткү болгон окшойт. Кичинекей кезимден эле адамдар менен соодалашууну, эмгекчил болууну, мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну үйрөнгөм. Дал ушул сапаттар бизнесмен адамды сүрөттөсө керек. Мектепте окуп жүргөндө эле ушул тармакка барарымды билгем жана эч өкүнгөн эмесмин.

Бул тармакта професионалдуу деңгээлде окугум келгендиктен, келечекти ушул чөйрөгө байлагым келгенин билип, азыркы факультетимди тандадым десем жаңылышпайм.

- Чет тилдерин үйрөнгүсү келген кыргыз жаштары абдан көп. Ар ким ар кандай жолдор менен үйрөнөт эмеспи. Тил үйрөнүүдө кандай методдорду колдонуп бат өздөштүрсө болот?

- Албетте, көп жана ушундай тенденция абдан жакшы. Жаштардын тилге болгон кызыгуусу чоң өнүгүүнү билдирет. Менин оюмча, чет тилди үйрөнүү жеңил эле. Болгону бизге мектептерде кыйын кылып көрсөтүп коёт.

Мен колдонгон методдордун бири симуляция деп аталат. Сен кайсы тилди үйрөнгүң келсе, ошол тилди болушунча чөйрөгө симулация кылуу. Мисалы, англис тилин алсак: англисче китеп окуу, мультфилимдерди да ошол тилде көрүү, ырларды англисче угуу, ютубда англисче кызыктуу подкаст, теле-шоу көрүү. Мен бардыгын өз убагында кылдым. Жадагалса, менин телефонум азыркы учурга чейин толугу менен англис тилинде турат. Дагы бир кеңешим - бул диктофонго сүйлөп жаздыруу.

- Соцтармактагы баракчаңызда жаштарга мотивация берген видео, посттор арбын экенин байкадым. Айтсаңыз, жаштар көп учурда эмнелерден ката кетирип алышат? Эмнеге көңүл бурушу керек?

- Туура. Менин жеке баракчамда жаштарга туура маалымат берип, ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө мотивация берем. Көп учурларда жаштар жашоодо өзүнүн миссиясын жана максатын билбей жашап кетет.

Эмнеге сен, эмнеге бул жашоо, эмнеге ушул таланттар ушул суроолорду көп жаш балдар, кыздар өздөрүнөн сурабай, эл кылган нерсени кылып, көпчүлүктүн ичинде жашап кетип атат. Ар бир адам уникалдуу, ар бирибизде бизге ылайык талант бар, ошол таланттарды колдонуу керек. Эмнегедир көп адамдар башка бирөөнүн жашоосун туурайм деп, көп күчүн туура эмес кетирет. Таңууланган иштерден алыс болуу керек экенин көп жаштар түшүнбөй кетип атат.

Бир суроого жооп айта алсаңар, ошону кылыш керек деп ойлойм. “Эгерде бардык жерде бирдей айлык төлөсө, же акчаң аябай көп болгон болсо, эмне менен алектенет элең?” ушул суроого жоопту тапкан - жашоону туура жолун тапкан деп ойлойм.

- Жаштык мезгилиңизди туура өткөрүп жатам деп ойлойсузбу?

- Азыркы учурда жаштыгымды пайдаланганым өзүмө абдан жагат. Иш десе иштеп, оку десе окуп, саякатта десе саякаттап жүрөм. Балким, кээ бир учурларда дагы көбүрөөк иштерди кылсам болот эле. Аны мен эмес, мени тааныган адамдар, менин чөйрөм айтсын.

- Финансылык сабаттуулук боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Жашоодо эң керектүү, бирок мектепте окутулбаган илим деп ойлойм. Жеке финансы колдонууну билүү бул эң чоң өнөр. Менин жашоомдо синус-косинустар эмес, акчаны эсептөө жана туура пайдалануу маанилүүрөөк болду.

Мен өзүм акчага абдан так болом. Кайсы жерге, канча акча, эмнеге кетип жатканын жазып, отчёт алып жүрөм. Ар бир кеткен тыйындын туура жумшалып жатканы мага өтө маанилүү. Ошол себептен материалдык буюмдарга кызыкпасам керек. Кымбат кийим кийүү, жеке гардероб кылуу, унаа алуу эмес, саякатка жумшап, жаңы эмоция алуунун үстүндө иштегим келет.

Мисалы, саякаттаганга акчам жок деген адамдардын үйүн карасак эки шкаф кийим, кымбат унаа, заңгырайган үй, толгон-токой буюмдар бар. Эмнеге, материалдык жашообу? Балким, ошондой. Балким, акчаны буюмга эмес, эмоцияга, тажрыйбага, илимге, саякатка жумшасак туурабы деп ойлоп кетем.

- Көп өлкөлөрдө саякаттап жүрөт экенсиз. Сизди суктандырган, ойлондурган, көңүлүңүздү калтырганы кайсылар болду?

- Ооба, буга чейин айткандай саякаттайм. Азыркы учурда 20 жашымда 13 өлкөгө барууга жетиштим. Ичинде Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Италия, Түркия, Польша жана башкалар бар.

Ар бир өлкөгө барган сайын жаңы ойлорго жана окуяларга дуушар болом. Ар бир барган өлкөдөн жакшы эсте каларлык окуялар көп. Жеке менин эсимде калганы, мага абдан чоң таасири тийген 2 окуяны айтып берейин. Алар Индонезиядан мугалимимди зыярат кылганым жана Вьетнамдан шахмат оюнунда айымдар жөнүндө болгон ойлорум.

- Индонезиядан мугалимимди зыярат кылганым.

- Дүйнө кичинекей, кааласак бири-бирибизге миңдеп чакырымды өтүп барсак дагы таап алабыз деген ой болду. Мектепте акыркы 3 жыл бизге класс жетекчи болгон, менин насаатчым, агайымды Индонезиядан көрүп аябай кубандым. Мени аэропорттон тозуп алганда, көзүмө жаш тегеренип, ага көрсөтпөш үчүн дароо өзүмдү кармадым.

Элестетсеңиз, мектепте досканын астында турган мугалимиңди, окууну бүтүп, жер айланып жүрүп, чоочун жерде, чоочун элде, Кыргызстандан миңдеген чакырым алыстыкта кайра көрсөң. Колуңду сунуп, кайра учурушсаң, “саламатсызбы агай” деген сөздү айтып турсаң, кантип кубанып ыйлабайсың? Сени кечки тамакка үйүнө чакырып, мектепте болгон окуяларды эстеп отурсаң бакыт эмеспи? Ушул окуядан кийин мугалимдерге болгон сый-урматым мындан дагы күчөдү.

- Вьетнамда шахмат оюнунда болгон ойлор.

- Вьетнамда, Дананг шаарында дүйнөгө таанымал болгон Ба На Хиллс “Sun World” деген тоонун чокусунда чоң бир көңүл ачуучу сейил бак бар. Дал ошол жакта эс алып, айланып жүрсөк көзүмө кызыктуу бир жер түштү. Ал жерде чоң, адамдын боюнун жарымы менен тең болгон, шахмат фигуралар турган экен. Кадимки эле оюн болуп, фигуралар ар кайсы позицияда турган учур. Адамдар жөн гана сүрөткө түшүп шашылып кетип жаткан мезгил.

Бирок ошол жерди жакшылап карасам, агында деле, карасында деле "Королева" фигурасы жок экен, мындайча айтканда, "Ферзь". Эмнеге ушундай? Эмнеге оюнда эң керектүү болгон фигура жок деп көп ойлонуп турдум. Архитекторлор чоң бир ой калтырып кеткендей.

Эмнеге "Королева" оюнда жок? Менин жообум мындай болду: анткени ушул оюнду көрүп аткан айымдар "Королева" сүрөткө түшүп аткан кыздар барып каалаган жерге туруп, өзүн "Королева" кылып, оюндун нугун, оюндун жүрүшүн дароо өзгөртүп коёт эле. Оюндун миллиондон варианттары жалгыз гана "Королева" үчүн жаралып кетмек.

Жашоодо да ошондой эмеспи? Ар бир эркектин жанында, туура "Королева" туура жерде, туура убакытта турса, турмуш деген оюндун нугу өзгөрүлүп, башка жашоо болуп кетиши мүмкүн го. Ошол үчүн туура "королева" тандоо жана туура "королева" болуу өтө маанилүү экенин билдим. Айтарым, жашоодо жакшы түгөй табуу өтө маанилүү.

- Алдыга койгон максаттарды башкаларга айтуу туура болбойт деген ойлор дагы айтылып калат. Кошуласызбы?

- Мен ушул суроо боюнча көп ойлоном, жадагалса баракчамда да ушуга тиешелүү бир видео чыгаргам. Толук кошулбайм. Менин оюмча, максаттарды айтып туруу керек. Анткени максаттарды айтуу менен өнөктөштөрдү, мыкты адамдарды, билимдүү инсандарды өзүбүзгө тартууга мүмкүнчүлүк ачылат деп ойлойм. Эгерде адамдар сенин эмне кылып жүргөнүңдү, эмне менен алек болгонуңду билбесе, сага кантип жардам бере алат, сага кантип ишенет?

Мисалы, ар бир бизнесмен инвесторго барганда, максатын айтып, планын айтып туруп, каражат жана жардам сурайт. Максатыңды жашыруун коюп, инвестордон акча сурап көрчү, эмне дейт экенин көрөлү? Жашоо дагы ошондой деп ойлойм. Адамдар сенин максатыңды билсе, сага жардам берип, ошол тарапта өнүгүш үчүн жардам берет деген ойдомун.

Албетте, баланс кармаганды билүү керек. Жеке жашоодогу болгон маселелерди, жеке финансыдагы максатты, балким жашырып койсо болот чыгар.

- Өнүгүүнү каалаган адам өрнөк болгон инсанды издейт деген кеп бар. Өрнөк туткан инсандарыңыз болсо керек…

- Албетте бар. Менде ар бир өнүккүм келген тармакта өрнөк катары көргөн адамдар жетиштүү. Алар:

  • Албетте, биринчи эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в). Ал кылган иштерди кыла албасак дагы, күн сайын ошондой сыпаттарга ээ болуу мен үчүн чоң максат.
  • Нуржигит Кадырбеков жана Абдүшүкүр Нурматов. Алардын сабактары менен илими менин жашоомдо чоң таасирин калтырып келет.
  • Саидмурод Давлатов жана Маргулан Сейсембай бизнес жана өзүңдү өнүктүрүү тармакта өтө чоң сабактарды берет. Мектепте окуп жүргөн кезимен эле көрүп жүргөн адамдарым.
  • Адилет Ногойбаев жеке влог тармагы мени суктандырат. 10 жылдан кийин өзүңдү кандай адам көрөт элең деп сураганда дал ушул Адилет байкедей болгум келет деп жооп бермекмин.

- Бир эле учурда окуу, жумуш, саякаттоо… Баарына жетишүү үчүн убакытты кантип бөлүштүрөсүз?

- Адамдар менден көп сураган суроо. Чындыгында бардыгын бирдей алып кетүү жеңилге турбайт. Кээ бир учурларда приоритет коюп, кээ бир нерселерден баш тартуу керек болот. Менде убакытты бөлүштүрүү маселесинде кыйынчылыктар көп болду. Башында окуу менен эле алек болуп, 1,5 жыл убакытта саякаттаган эмесмин. Кийинчерээк жайкы каникулда, иштей баштагандан кийин окуудан дагы маанилүүрөөк нерсе бар экенин түшүнө баштадым. Иштеп, акчалуу болгондон кийин, чет жакка кетким келди да, 10 күндүк өргүү алып саякаттап келдим.

Айтарым, баары өз убагында болот экен. Бир учурда үчөөнү тең алып кетем деген ой - жомок. Азыр болсо жумуш онлайн, керектүү учурларда ноутбук алып, кайсы жерде болбосом да, ишимди аткара берем. Финанс чогултуп, бир айда бир-эки жолу жаңы өлкө, жаңы жер көргөнгө шашылам. Окуу болсо өзүнүн нугу менен. Үй тапшырмаларын аткарып, өз алдымча материалдарды окуп жетишкенге аракет кылам.

Күнүмдүк убакытты сурап жатсаңыз анда, таң аткандан баштап эле ойго жүрөм. Таңкы намаздан кийинки 2-3 саатта эң маанилүү болгон, жашоомдо эң керектүү чечимдер жөнүндө ойлонуп, өзүмдү өнүктөрүүгө убакыт бөлөм. Түшкү убакытка чейин сабак же болбосо шаар ичиндеги иштер бүтөт. Түштөн кечки тамакка чейинки учурда контент жөнүндө ойлонуп, видео жасап, жеке баракчамдын үстүндө иштейм. Кечки тамактан кийин, китеп окууга жана окууга жумшаганы аракет кылам.

Мезгилди адам баласы кантип көрктөндүрүп алса болот?

- Азыркы бар болгон нерселерге ыраазы болуу менен деп ойлойм. Кээ бир учурда жок нерселерге эле кейип, өзүбүздү бактысыз сезип кетебиз. Бар болгон ресурстарды толук колдонуп, ыраазы болуп, жашоонун ырахатын сезсек болот.

Мага Маргулан Калиевичтин айткан сөздөрү жагат. Келечекке тынчсыздануу, өткөнгө өкүнүү, азыркыга шүгүр айтпоо. Ушул сөздөрдү эске алсак күнүбүздүн ар бир мүнөтүн көрктөндүрүп алсак керек.
Негизи бул суроону ар бир кыргыз жигитине бергим келет. Өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук уланып келүүдө. Эмнеге көпчүлүк убактарда кыздардын укугу тебеленип калууда?

- Абдан жакшы суроо. Азыркы учурда Кыргызстанга актуалдуу болгон маселелердин бири. Тилекке каршы, өз мекенимде зордук-зомбулуктун көп болуп жатканы абдан капалантат. Бул көйгөй эркектердин жоопкерчиликсиз жана ыймансыздыгында жатат деп ойлойм. Анткени туура тарбия көргөн, ыйман жолунда жүргөн уул кызга тиймектүгүл, барып сүйлөгөндөн да уялмак.

Мен бул тармакта эксперт болбогондуктан, аябай акылдуу жооп айта албасам керек. Бирок ар бир эне өз баласын туура тарбиялап, кыздарга сый-урмат көргөзгөндү үйрөтсө, ар бир ата кызына ыйман жолун көргөзүп, туура багыт берсе, кандайдыр бир жылыш болсо керек деп ойлойм.

- Кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдирем! Саякаттар көп болуп, жолуңуз ачык болсун!

- Учурдан пайдаланып SUPER.KG порталынын командасына жана ушул маегибизди окуп жаткан ар бир адамга ыраазычылык билдиргим келет! Менин ата-энеме, бир туугандарыма, жакын досторума да рахмат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан