"Бири керебеттен кулап, экинчиси тайып жыгылган". Үрөй учурган мушташка шектүүлөр абакта сабалды деген маалыматты четке кагууда

Буга чейин Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта 2 жигитти катуу сабаганга шектелген бир туугандардын СИЗО-1де сабалгандыгы маалымдалган. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулаймановдун билдирүүсүнө ылайык, шектүүлөр мындай маалыматты четке кагууда.

"Алар камерада чогуу отургандар менен мушташышты деген фактыны четке кагышууда", - деди Сулайманов.

Айтымында, борбордун кызматкерлери 20-сентябрда кылмышка шектүү бир туугандардан кабар алуу үчүн №47 түзөтүү абагына барышкан. Бирок шектүүлөр алар менен сүйлөшүүнү көп деле каалашкан эмес, мындан улам алар окуянын чын жагдайын айтпай жатышат деген божомолдор бар.

"Кызматкерлер шектүүлөр эч кандай оор жаракаттарды албаганын айтышты. Алардын денеси сыйрылып, колдору ооруксунуп калган, бирок эч жери сынган эмес. Борбордун кызматкерлери мындай абалдын себебин сурашканда, бири керебеттен кулап кеткенин, экинчиси ажатканага бара жатып тайып жыгылганын айтышкан", - дейт Сулайманов.

Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелгендер СИЗО-1де сабалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aydinnur
2019-09-22 12:32:31
Антип айтпаса,кайра барганда точно колдорун сындырат да)))дене ооруган,адамды ырайымсыз сабаган кандай экенин тушунуш учун булар дагы эки уч жолу токмок жесе экен...
+33
talant87
2019-09-22 13:00:20
Туз жолда тегиз эмес бирде ылдый бирде ойдо
+21
katerina.li
2019-09-22 13:49:28
Омуру откучо ушинтип керебеттен кулашып ,туз жолдон тайып кулап журуп отушсун. Эн жаман жорук кылды оздору. Сабалган эки баланын акыбалы дале оор.
+22
Dembele84
2019-09-22 14:30:36
Керебеттен жыгылса полдон чоон муштум чыгып туруппу?
+29
muras111211
2019-09-22 14:33:21
Эртеңки күнүн ойлоп атышат да,айланып эле кайра ошол сизо го барышат,ырас болуптур.Өмүр бою элден коркуп жашагыла,сабалган балдардын ден соолугуна ким жооп берет,жазасын алсын .Бул чоң муштум адам сыяктуу айбандар буга чейин да уруп согуп көнүп калышкан да.Билинбей калганы канча бир Кудай билет.
+18
bond02
2019-09-22 14:51:09
Паластан полго кулап жыгылса да, жазасын толук алмайынча чыгарбагыла.
+21
Dembele84
2019-09-22 17:56:25
Бизде да армияда дедовщина болуп козубуз когоруп же бир жерибиз шишип калса,командирлер коруп:козуно эмне болду десе-кроваттан жыгылып туштум деген шылтоону айтчу элек,ошол сынарындай болуп жатыптыр да буларда да
+6
Avrora2017
2019-09-22 19:15:39
Олуп эле кетишсин эки зоокур таба эмес тобо, ошону кормоксунор жашоо бумеранг бат эле бир жеринерден чыгарып койот
+10
Abdizhapar
2019-09-22 20:09:10
Берки сабалган балдарга керебеттин да боору ооруп беркини ыргытып жибериптир да
+10
Nevestkaa
2019-09-22 20:21:32
Өлүп кетишпейби мынча пиарит эттиңер?????Ал урду бул урду дегенден уялбайт экен да булар жаш балага окшоп .
+10
Baku88
2019-09-22 21:30:56
Онкононордон тушуп олуп кеткиле
+5
Baku88
2019-09-22 21:31:49
Ушул зоокурлорду ким сабаса да омуруно береке тегеле жамандык корбосун жашоосунда
+8
aminali
2019-09-23 05:22:07
Созум жок, дым дым кылып кыйнай беришсин зоокурлоду. Публикага зачем чыгарып, и так зоокур аталышты оздорунун кылыгы менен.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан