Ош шаарында 13-марттан тарта коронавирус эпидемиясы бир калыпка келгенче массалык иш-чаралар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 13-мартта Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча атайын штабдык отурум болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, оорукана башчылары, МАБдардын башчылары жана штабдын мүчөлөрү катышты. Штабдын отурумунун күн тартибинде Ош шаарынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу, андан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чараларды көрүү боюнча мэриясынын алдында түзүлгөн штабдын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө болду. Штабдык отурумда тиешелүү кызматтарга берилген протоколдук тапшырмалар:
1. Коронавирустук инфекция боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу чектөө;
2. Аба жана жол каттамдары аркылуу коркунуч жараткан өлкөлөрдөн келген жарандар, алар менен байланышта болгон жарандар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Алгоритмине ылайык тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, атайын даярдалган обсервацияларда 14 күндүк изоляцияда каралып, андан кийин аймактык дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуусу;
3. Кошумча обсервацияларды уюштуруу (өзгөчө кырдаал болгон учурда), медициналык буюмдар, эмеректер, дары-дармектер менен жетиштүү санда камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу;
4. Билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте санитардык-гигиеналык абал көзөмөлгө алынып, дезинфекциялык иштер жана таза суу, антисептикалык каражаттар менен камсыздоо;
5. Коомдук тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө, муниципалдык жана жеке менчик базарларда, жеке менчик такси кызматы, жеке менчик окутуу борборлорунда, эс алуу жайларында жана балдардын көңүл ачуу борборлорунда коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
6. Шаар аймагындагы азык- түлүк продукцияларынын баалары, саны, сапаты көзөмөлгө алынып, күн сайын мониторинг жүргүзүү.
Мындан сырткары бир нече тапшырмалар Ош шаарынын вице-мэрлерине жүктөлдү.