Бишкектеги айланма жолдо жеңил уаалар сүзүшүп, 1 адам каза болду. Дагы бир нече адам жаракат алганын социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
"Жол кырсыгы кечээ, 18-январда орун алды. Анда Нексия менен Тико унаалары сүзүшүп, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Жаракат алгандар дагы бар", - деп билдирет колдонуучу.
Бул окуя боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы расмий маалымат тарата элек.