Чүйдүн Москва районунда поезд менен жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц унаасы сүзүшүп, 12 адам жаракат алды. Дагы бир аял каза болду дейт Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.
"Кырсык 13-мартта болжол менен саат 19:30да Петровка айылындагы темир жолдо орун алган. Анда жүргүнчү ташып бара жаткан Мерседес-Бенц кичи автобусу темир жолдон поезд менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 12 адам жаракат алышып, 53 жаштагы К.Б. аттуу аял каза болду. Кичи автобус 66 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.