Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 21-майда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү соттук отурумда сот отурумунун катышуучулары тарабынан бир нече өтүнүчтөр келтирилди. Андан сырткары сот күбөлөр К.Т.Жуманатаев, А.О.Касымовду суракка алды.

Андан соң жактоочу Н.Зотова айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот аталган өтүнүчтү канааттандырды жана соттук териштирүүнү 22-май саат 10:00гө жылдырды.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-05-22 08:30:38
Ушул Батукайдыкы бүтпөй койдуго!
Ушуга шектүүнүн баарын камап камап ташташпайбы!
Кайра кайра эле сот болтура бербей.
+1
akmanai
2020-05-22 13:04:06
Чубактын чуусундай чубалган Батукайдын соту. Хе-хе. Батукай эмне кылып атты экен ушу тапта. Анын соту деп канча киши жугуруп жургонунон кабары барбы озу)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан