23-мартта Индиянын Бихар штатынын Патна шаарындагы мечиттен Кыргыз өлкөсүнүн 10 жараны коронавируска шектелип кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү "Press Trust of India" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү мусулмандар полицияга билдирбей аларды мечитке жашырып коюшкан. Жашоочулар буга нааразы болуп, полицияга билдиришкен. Алар кармалгандыгы кабарланган.
Буга чейин 21-мартта Индиянын Хайдарабад шаарында Кыргыз өлкөсүнүн 11 жараны коронавируска шектелип карантинге алынган.