Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берүүдө. Анда 25-марттан баштап облус аймагында 229 эреже бузуу катталды дейт комендант.
Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 4 адам кармалды. Жалал-Абад облусу боюнча 25 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта - 11 кылмыш иши (Жалал-Абад шаарында - 7, Сузак районунда- 4) аныкталды. Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 90 унаа айып короосуна токтотулду.
Жалал-Абад облусунда карантиндик посттордо иштеп жаткан укук коргоочулардын арасында вирусту жуктуруп алгандар жок экенин кошумчалады Жеңишбек Жоробеков.
Вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери дарылануудан кийин айыкса кайрадан ишин уланта беришет.
Сузактагы Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу айылда Индиядан келген жарандан коронавирус аныкталды.