Түркияда үй изоляциясына жөнөтүлгөн бейтаптарды смартфон аркылуу көзөмөлдөөдө

Түркия бийлиги коронавирус жуктуруп, үй изоляциясына жиберилген жарандарды смартфон аркылуу көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Коронавирус жуктургандардын үйдө изоляцияда болуусу вирустун жайылбоосуна чоң салым кошот. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана уюлдук байланыш операторлору биргеликте коронавирусту жайылтпоонун алдын алуу үчүн ооруган адамды көзөмөлдөп турган жаңы программаны иштеп чыгышты. Долбоор мыйзам чегинде иштөөдө", - деп билдирген өлкөнүн президенттик администрациясынын өкүлү.

Маалыматка ылайык, программанын жардамы менен бейтаптын кайда жүргөндүгүн телефону аркылуу көзөмөлдөй алат. Эгер ал көчөгө чыкса, телефонуна эскертүү СМС-билдирүү аркылуу келет жана изоляцияны сактоо тууралуу чалуу болот. Эгер бейтап эскертүүнү укпай, тартипти буза берсе, ал адам тууралуу маалымат укук коргоо органдарына берилип, тартип бузган адамга тиешелүү чара колдонулат.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Түркияда 34 миң 109 адам коронавирус жуктуруп, анын 725и каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akmanai
2020-04-09 04:26:55
Урматтуу Супер инфонун жааматы жана окурмандар. Билгендер жооп жазып коюнуздарчы. Башка райондо карантинде калып калган туугандарыбыздын уйго келуу мумкунчулугу барбы? Кайсы жака кайрылса болот?
0
akmanai
2020-04-09 10:58:24
Мин адам билгенди кээде бир адам билбей калышы мумкун. Минус баспай эле айтып койсонор адамгерчилик болот го. Эжем уйго келе албай жатат(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан