Тажикстанда коронавирус бар экени расмий тастыкталды. Учурда 15 адам вирус менен алышууда

Коңшу Тажикстанда дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы расмий түрдө аныкталды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык комиссияга таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө коронавирус 15 адамдан аныкталган. Алардын ичинен 10 адам Согди облусунун тургундары болсо, 5 адам борбор шаар Душанбеде катталган.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясынын расмий түрдө биринчи тастыкталганы. 29-апрелге чейин тажик бийлиги өлкөдө инфекция жугузган адам жок деп ишендирип келген. Бирок 12-майга чейин Душанбе шаарындагы бардык азык-түлүк базарлары дезинфекция үчүн жабылган. Аталган өлкөнүн басылмалары жакынкы күндөрү коронавирус инфекциясы аныкталышы мүмкүн экендигин жазып чыгышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
adoi
2020-04-30 18:31:28
Точиктер акыры моюнга алыптырда
+14
Agayu
2020-04-30 18:37:41
Бүт чек ара жабылды көпчүлүгү пиктен пиктен өттү , коронавирус 1 , 5 ден жугат анан аларга каяктан келди ошолорду да Расмий неге айтпады ?????????
-2
KalenAlmaz
2020-04-30 18:51:02
Бугун биздин депутаттар коншуларга жардам берели дешти ун береалбасак да эт берели дейт тупптууру айтты 120 койду сойгула да озбек тажик казактарга берип жоготкулачы калла пайча ичеге каарын теерисинен бери бергиле жеп кетишсин бизге кереги жок!
+23
Sunera
2020-04-30 19:36:30
Рас болуптур юок мен устунон кулбой элемин! Просто биз иштеген жерде тажиктер кыргыздар гигиенаны жаешы сактабаган учун чыкты деп бизге сын тагып жаткан оздору мне болду сразу 15 адамдан башталды
+8
Nur777
2020-04-30 23:26:53
Sunera,юок...
0
Sunera
2020-04-30 23:59:18
Nur777,жок дегени ал
+1
Nur777
2020-05-01 15:26:03
Sunera,жок десе болбойбу?
-1
Alixan-Nookat.2015
2020-04-30 19:56:25
Булар буга чейин жашырып келген 15 адамдан көп буларда.
+11
Aimani
2020-04-30 20:11:35
Кайдагы 15 буларда андан көп. Уже каза болгондор бар го. Айтпай чыгып кетебиз деп ойлошкон. Бирок болбой калды да
+5
Gulaym-85
2020-04-30 21:41:54
Вирус бар болсо керек жашыруун сакташты го деп ойлоймун.
+2
Abdu77
2020-04-30 21:45:30
15 эмес 1500 болуш керек буларда.
+1
Nur777
2020-04-30 23:28:11
Коронавируска каршы Дуйнолук банк,эсептерден миллиарддаган акча болуноорун Тажикстан кеч тушунуп калды)))))
+6
Kitep
2020-05-01 04:48:34
Nur777,канча миллиарддардан кур калыптырда.))))
0
Nur777
2020-05-01 15:25:05
Kitep,ооба да,биздикилер во время сообразили что к чему))))
+2
ArgenMers
2020-05-01 13:20:15
Тажиктер бизден караганда палит болушат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан