Өлкө боюнча жалпы 29 миң 827 адам карантинде жатат

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 24-апрелге карата 914 адам обсервацияда жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, азыркы тапта 29 миң 827 адам карантинде, ал эми 47 миң 179 адам карантинден чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы республика боюнча жергиликтүү бийликтин жардамы менен оору жуктуруп алгандар үчүн 11 миң 961 обсервациялык орун даяр, анын ичинен 2 миң 550 обсервация орундары алар тарабынан даярдалганын билдирди.

Андан тышкары обсервация орундары жетишпей турган болсо, ӨКМ тарабынан талаа шартында 3 миң 872 орунду даярдоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан