Өкмөт: "Абанын булганышы боюнча көйгөйдү чечүүдө комплекстүү мамиле кылуу талап кылынат"

Бишкекте абанын нормадан 20 эсеге ашык булганганы тууралуу айтылгандан бери көйгөй коомчулукта талкууланууда. Маселени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алып, тийиштүү мекемелерден натыйжа берүүчү сунуштарды талап кыларын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Өкмөт башчы борбордун ар бир тургуну сыяктуу эле түзүлгөн экологиялык кырдаалга кооптонууда жана мамлекеттик органдар алдына аталган көйгөйдү чечүүнүн терең ойлонулган натыйжалуу жолдорун табуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Тиешелүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Бишкек шаарынын чегинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды. Премьер-министр шаарды желдетүүнү камсыздаган аймактарда бийик курулуштарды курууга толук тыюу салуу мүмкүндүгүн изилдөөнү туура деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, тийиштүү мекемелерге эки жумалык мөөнөттө газ мотордук отунду колдонууну кеңейтүү жана коомдук унаа паркын газга өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү милдеттендирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан