Ош-Бишкек жолунда унаа 200 метр бийиктиктен кулап, 4 адам каза болду, дагы үчөө жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Көк-Бел ашуусунда болгон.

"Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын тургуну 1989-жылы туулган Б.Т. аттуу айдоочу Хонда Одиссей унаасын Оштон Бишкекке карай башкарып бара жаткан. Ал чукул бурулуштан унааны башкара албай, жолдун четине чыгып, 150-200 метр болгон тик ылдыйышка түшүп кеткен.

Натыйжада унаада келе жаткан эки эркек, бир аял жана айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми калган 20 жаштагы Т.А., 18 жаштагы Р.Р., 22 жаштагы К.А. денесинен ар кандай жарааттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми каза болгон жарандардын айдоочудан башкасынын аты-жөнү учурда тактала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asyl_Kg
2020-05-25 13:15:44
Аттин ай жаш омурлор кетти. Аллахым бейишинен берсин. Водитель менин кошунам болчу, жакшы бала эле!
+7
jaz99
2020-05-25 13:53:43
Asyl_Kg, Токтомамат деген
Бала беле?
+2
Asyl_Kg
2020-05-25 14:17:25
Ооба кыскартып биз аны Токон дечубуз
0
NUR-01
2020-05-25 15:12:04
Токтамат канча жаштале?арты кайырдуу болсун
+1
natasha00
2020-05-26 04:35:17
NUR-01,жогоруда турат го 1989жылкы деп мектепте окугансынарбы жок дегенде? Билими жоктор куйгузуп жиберет да ушу, баш болуп жогорку кенештен баштап....
0
Jeltelmen.99
2020-05-25 15:32:30
Ош Бишкеке каттаган таксистерди тыйыш керек алардын ордуна темир жол же башка эл ташый турган транспорт ойлонуш керек.
+11
Usow
2020-05-25 21:24:17
Эх аттин олко башчы болгонумда баарын коюп Бишкектен Ошко карай темир жол орнотмокмун, канчалаган омурду алып жатат шумдугун кургур
+4
kulundu.89
2020-05-26 12:59:39
Арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан