"Нарын шаарында автоунаа окуучу кызды сүзүп кетти" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө маалымат берген. Окуя боюнча Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.
"Автокырсык кечээ, 3-февраль күнү саат 15:20 чамасында Нарын шаарынын Городок аймагында катталды. Нарын шаарында эл ташуучу кичи автобус менен келген окуучу кыз аялдамадан түшүп, кичи автобус ордунан жылганча чуркап чыга калганда артынан келаткан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү автоунаа кызды сүзүп кеткен. Тилекке каршы, 2010-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну, окуучу кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Автоунаа айып короосуна токтотулду. Учурда Нарын ШИИБинин тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан.